Төрага Нурланбек Шакиев чек ара жаңжалында жабыркаган Баткендеги айылдарга барды

 Төрага Нурланбек Шакиев чек ара жаңжалында жабыркаган Баткендеги айылдарга барды

Бүгүн, 9-ноябрда КР Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Баткен облусуна иш сапары менен барды. Алгач Төрага чек ара жаңжалында жабыркаган Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагында болуп, Капчыгай айылындагы калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Алсак, аталган айылдагы үйлөр Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам жараксыз абалга келген. Учурда 40 тамдын пайдубалы түптөлсө, 20 үйдүн дубалдары тургузулуп, курулуш иштери уланууда. Бирок жергиликтүү тургундар жумуштардын жай жүрүп жатканына кабатыр.

Ушундай эле курулуш иштери Кара-Бак айыл аймагынын Достук айылында да жүргүзүлүүдө. Аймакта 58 үй жана социалдык мекемелердин имараты салынууда.

Жалпысынан эки айылда тең турак-жайлардан тышкары, керектүү социалдык мекемелерди куруу жана жол, суу, жарыктандыруу өңдүү инфраструктуралык долбоорлор каралган.

Эл менен да жолугушууда Нурланбек Шакиев Министрлер кабинетинин берген маалыматына карабай, жасалып жаткан иштерди жеринде өз көзү менен көрүү үчүн келгенин белгиледи. Ошондой эле Баткен облусуна тиешелүү бардык маселени Жогорку Кеңеш ыкчам карап берип жатканын айтып: “Мамлекет башчысынын тапшырмасын эске алуу менен курулуш иштерин убагында бүткөрүү зарыл. Айрыкча курулуштардын сапатына өзгөчө көңүл бурулуп, тийиштүү социалдык мекемелер да салынышы шарт”, – деди Төрага.

Өз кезегинде Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин өкүлү бардык курулуш иштери заманбап долбоордун негизинде жасалып жатканын белгиледи.

Ал эми Баткен райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Учкунбек Жоробаев облусту өнүктүрүү максатында каралган 500 млн сомдун 125 млн сому Баткен районуна бөлүнгөнүн маалымдап, учурда аталган каражат менен тийиштүү жумуштар жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

Андан соң депутаттар “Достук” чек ара заставасында болуп, объекттин ишинен кабар алышты.

Эскерте кетсек, Төрага Нурланбек Шакиевди орун басары Нурланбек Азыгалиев, депутаттар Ырысбек Атажанов менен Нурлан Ражабалиев коштоп жүрөт. Депутаттардын мындан аркы иш сапары Ош облусунун Алай районунда уланат.

Связанный пост