2023-жыл жалпы түрк дүйнөсүндө “Бакен Кыдыкеева жылы” деп жарыяланды

 2023-жыл жалпы түрк дүйнөсүндө “Бакен Кыдыкеева жылы” деп жарыяланды
Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору-Бурса шаарында ТУРКСОЙдун Туруктуу кеңешинин 39-жыйыны өттү.
Жыйынга Кыргызстан, Азербайжан, Өзбекстан, Казакстандын Түркмөнстан ж.б. өлкөлөрдүн маданият министрлери жана эл аралык ТУРК-ПА уюмунун катышуусунда болуп, анда 2023-жылы түрк дүйнөсүндө масштабдуу белгилене турган иш-чаралар талкууланып, Кыргызстандын атынан советтик кыргыз театр жана кино актрисасы СССРдин Эл артисти, Кыргыз ССР Кинематографисттер союзунун мүчөсү Бакен Кыдыкееванын 100 жылдыгын белгилөө сунушу киргизилип, ал бир добуштан колдоо тапты.

Маалымат үчүн: Бакен Кыдыкеева 1970-жылы СССРдин эл артисти деген наамга ээ болуп, ошол эле жылы таланттуу актриса театрдагы теңдешсиз эмгеги үчүн Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болгон. Андан кийин 1977-жылдагы Бүткүл союздук кинофестивалдын «Актёрдук иш үчүн сыйлык» номинациясынын ардактуу лауреаты болот. Аны тасмага тартууга коңшулаш, өзгөчө өзбек киностудиялары байма-бай чакырып турушкан.

Анын ысымын учурда борбор калаадагы Жаш көрүүчүлөр театры жана бир көчө алып жүрөт.
Театр өнөрпоздоруна ыйгарыла турган Бакен Кыдыкеева атындагы сыйлык бар.

Связанный пост