Билим

Токтобүбү Ашимбаева билим берүү жана илим министринин орун басары болуп

Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакуновдун буйругу менен Ашимбаева Токтобүбү Абасовна билим берүү жана илим министринин орун басары болуп дайындалды. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Токтобүбү Ашымбаеваны министрликтин эмгек жамаатына тааныштырды. Буга чейин Токтобүбү Ашимбаева Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти болуп иштеген.Читать далее

Билим

Кытай Кыргызстандын жарандары үчүн 23 стипендия бөлдү

Кытай Эл Республикасынын билим берүү фондун башкаруу боюнча мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын жарандарына 2023-2024-окуу жылына бакалавр, магистратура, докторантура жана тил такшалмасы боюнча 23 мамлекеттик стипендия бөлдү. Стипендиялык программага катышуу үчүн талапкерлер http://student.edu.gov.kg/ онлайн платформасындагы “КЭР Өкмөтүнүн стипендиялары” программасына катталып, керектүү талааларды толтуруп, талап кылынган бардык документтерди 2022-жылдын 10-декабры саат 23:59га чейин жүктөшү керек. Системада ар […]Читать далее

Спорт

Самбо боюнча дүйнө чемпионатына 51 өлкөнүн өкүлдөрү келди

Бүгүн, 11-ноябрда Бишкек шаарында өтүп жаткан самбо боюнча Дүйнө чемпионатынын алкагында Эл аралык самбо федерациясынын президенти Василий Шестаковдун катышуусунда маалымат жыйын өттү. Жыйынга Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин директорунун орун басары Самат Токтоналиев, КРнын Самбо федерациясынын президенти Азиз Ибраев катышты. Василий Шестаков Дүйнө чемпионатынын Кыргызстанда өтүп жатышы, […]Читать далее

Саясат

Садыр Жапаров түрк өлкөлөрүнүн лидерлери менен бирге Самарканд шаарындагы “Регистан”

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-ноябрда, Самарканд шаарына (Өзбекстан Республикасы) Түрк мамлекеттеринин уюмуна (ТМУ) катышуучу-өлкөлөрдүн башчыларынын Саммитинин тогузунчу жыйынына катышуу үчүн келген мамлекет жана делегация башчылары менен биргеликте көчөттөрдү отургузууга катышты. Бак-дарактарды биргелешип отургузуу Өзбекстанда өлкө Президенти Шавкат Мерзиёевдин демилгеси менен ишке ашырылып жаткан «Яшил макон» жалпы улуттук долбоорунун алкагында өттү. Долбоордун максаты республиканын шаарларынын жана […]Читать далее

Саясат

Самарканд шаарында ТМУнун кезектеги Саммити болуп өттү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-ноябрда, Самарканд шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн тогузунчу Саммитинин жыйынына катышты. Өз сөзүндө Президент Садыр Жапаров аймактык коопсуздук маселелерин көтөрүп, ТМУ өлкөлөрүн соода мамилелерин кеңейтүүгө чакырып жана Уюмдун Инвестициялык фондун негиздөө боюнча демилгени колдоду. ТМУ мамлекеттеринин башчыларынын чечими менен Кыргыз Республикасынын өкүлү Кубанычбек Өмүралиевди ТМУнун Башкы катчысы кылып дайындашты. Мындан […]Читать далее

Саясат

Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин кезектеги жыйыны өттү

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун төрагалыгы астында Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин кезектеги жыйыны өттү. Жыйындын жүрүшүндө Координациялык кеңештин мүчөлөрү үч маселени карады: – Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын ченемдерин ишке ашыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын үчүнчү мезгилдүү баяндамасын коргоонун жыйынтыктары жөнүндө; – Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жөнүндө эл аралык […]Читать далее

Маданият

Чыңгыз Айтматовго Алишер Навои атындагы “Түрк дүйнөсүнүн биримдигине кошкон салымы

Самарканд шаарында Түрк мамлекеттеринин уюмуна катышуучу өлкөлөрдүн башчыларынын Саммитинин тогузунчу жыйынынын алкагында Алишер Навои атындагы «Түрк дүйнөсүнүн биримдигине кошкон салымы үчүн» эл аралык сыйлыгы көрүнүктүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовго көзү өтүп кеткенден кийин ыйгарылды. Аталган сыйлыкты ыйгаруу ТМУга катышуучу-өлкөлөрдүн Мамлекет башчыларынын Чечими менен кабыл алынган. Бул эл аралык премияны Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстандын Президенти Садыр […]Читать далее

Коом

«Бишкекжарык» ишканасында 74 млн. сомдук жетишсиздик аныкталды

Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Бишкек шаарынын мэриясына караштуу «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасында текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен жалпы суммасы 74 млн. 28 миң сомдук товардык-материалдык запастардын жетишпестиги аныкталган. Тактап айтканда, «Бишкекжарык» МИнин жетекчилиги жана жооптуу кызмат адамдары, өз кызмат абалдарын кыянаттык менен пайдаланышып, КР бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарынын талаптарын одоно түрдө бузуу менен, 2020-2022-жылдар аралыгында ишкананын […]Читать далее

Саясат

Самарканд шаарында ТМУ Саммитинин жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду

Самарканд шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) катышуучу-өлкөлөрдүн башчыларынын Саммитинин тогузунчу жыйынынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду. Уюмга мүчө-мамлекеттер — Кыргыз Республикасынын, Азербайжан Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Түрк Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын башчылары төмөнкү документтерге кол коюшту: — Түрк мамлекеттер уюмунун 9-Саммитинин Самарканд декларациясы; — «Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгынын Кеңешин түзүү боюнча Нахичевань макулдашуусуна» өзгөртүү киргизүү жөнүндө протокол; — «Түрк мамлекеттер […]Читать далее

Саясат

Кубанычбек Өмүралиев Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы болуп дайындалды

Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) мамлекет башчыларынын чечими менен Кыргыз Республикасынын өкүлү — Кубанычбек Өмүралиев ТМУнун Башкы катчысы болуп дайындалды. Тийиштүү чечим бүгүн Самарканд шаарында (Өзбекстан Республикасы) өтүп жаткан Уюмдун Саммитинин жүрүшүндө кабыл алынды. Кубанычбек Өмүралиев буга чейин Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси жана Анкара шаарындагы резиденциясы менен бир эле убакта Кыргыз Республикасынын […]Читать далее