«Бишкекжарык» ишканасында 74 млн. сомдук жетишсиздик аныкталды

 «Бишкекжарык» ишканасында 74 млн. сомдук жетишсиздик аныкталды
Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Бишкек шаарынын мэриясына караштуу «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасында текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен жалпы суммасы 74 млн. 28 миң сомдук товардык-материалдык запастардын жетишпестиги аныкталган.
Тактап айтканда, «Бишкекжарык» МИнин жетекчилиги жана жооптуу кызмат адамдары, өз кызмат абалдарын кыянаттык менен пайдаланышып, КР бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарынын талаптарын одоно түрдө бузуу менен, 2020-2022-жылдар аралыгында ишкананын товардык-материалдык запастарынын эсебин жана алардын кыймылын өз убагында жүргүзүүнү атайылап камсыз кылышкан эмес.
Мындан сырткары, ишкананын кампасынан жооптуу кызматкерлерге ар кандай түрдөгү товарлар эч кандай негизсиз, тастыктоочу документтери жок, эсептен чыгарбастан жана көзөмөлсүз берилип келген. Натыйжада, жалпы суммасы 74 млн. 028 миң сомдук ТМЗнын жетишпестигине (уурдоо же жоготуу жолу менен) жол берилип, өзгөчө ири өлчөмдөгү материалдык зыян келтирилген.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) жана 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен эки кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды.

Связанный пост