Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин кезектеги жыйыны өттү

 Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин кезектеги жыйыны өттү

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун төрагалыгы астында Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин кезектеги жыйыны өттү.

Жыйындын жүрүшүндө Координациялык кеңештин мүчөлөрү үч маселени карады:

– Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын ченемдерин ишке ашыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын үчүнчү мезгилдүү баяндамасын коргоонун жыйынтыктары жөнүндө;

– Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жөнүндө эл аралык пакты боюнча баяндаманы (бир катар суроолорго жооп) даярдоонун жүрүшү жөнүндө;

– Жалпы эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарын коргоо тууралуу эл аралык конвенция боюнча улуттук баяндаманы даярдоо жөнүндө.

Кеңешменин жыйынтыгында күн тартибине киргизилген маселелер боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Мындан тышкары, укук коргоо органдарына Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин катчылыгы тарабынан сунушталган тизменин негизинде жеке арыздар боюнча актуалдуу маалыматтарды берүүсү тапшырылды.

Связанный пост