Чыңгыз Айтматовго Алишер Навои атындагы “Түрк дүйнөсүнүн биримдигине кошкон салымы үчүн” эл аралык сыйлыгы берилди

 Чыңгыз Айтматовго Алишер Навои атындагы “Түрк дүйнөсүнүн биримдигине кошкон салымы үчүн” эл аралык сыйлыгы берилди

Самарканд шаарында Түрк мамлекеттеринин уюмуна катышуучу өлкөлөрдүн башчыларынын Саммитинин тогузунчу жыйынынын алкагында Алишер Навои атындагы «Түрк дүйнөсүнүн биримдигине кошкон салымы үчүн» эл аралык сыйлыгы көрүнүктүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовго көзү өтүп кеткенден кийин ыйгарылды.

Аталган сыйлыкты ыйгаруу ТМУга катышуучу-өлкөлөрдүн Мамлекет башчыларынын Чечими менен кабыл алынган.

Бул эл аралык премияны Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровго тапшырды.

Президент Садыр Жапаров кыргыз элинин жана жеке өзүнүн атынан Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевге жана өзбек элине түрк адабиятынын жана дүйнөлүк адабияттын, жалпы эле маданияттын өнүгүшүнө кошкон эбегейсиз зор салымын эске алуу менен көрүнүктүү жазуучу Чыңгыз Айтматовду кадыр-барктуу сыйлыкка көрсөткөндүгү үчүн терең ыраазычылык билдирди.

Мамлекет башчысы Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы — көөнөрбөс мурас жана жалпы дөөлөт экенин өзгөчө белгиледи.

Президент Садыр Жапаров бул сыйлык чыгаан жазуучунун үй-бүлөсүнө тапшырыла турганын, Бишкектеги Чыңгыз Айтматовдун Үй-музейинде сакталып, ошону менен кийинки муун үчүн тарыхта орун аларын белгиледи.

Связанный пост