Самбо боюнча дүйнө чемпионатына 51 өлкөнүн өкүлдөрү келди

 Самбо боюнча дүйнө чемпионатына 51 өлкөнүн өкүлдөрү келди
Бүгүн, 11-ноябрда Бишкек шаарында өтүп жаткан самбо боюнча Дүйнө чемпионатынын алкагында Эл аралык самбо федерациясынын президенти Василий Шестаковдун катышуусунда маалымат жыйын өттү. Жыйынга Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин директорунун орун басары Самат Токтоналиев, КРнын Самбо федерациясынын президенти Азиз Ибраев катышты.
Василий Шестаков Дүйнө чемпионатынын Кыргызстанда өтүп жатышы, өлкөдө аталган спорттун орду бар экендигин жана өнүгүп жаткандыгын белгилеп, төмөнкүлөргө токтолду:
“Самбонун өнүгүүсүнө Кыргызстандын жардамы чоң. Бул спорттун айрым ыкмалары кыргыз күрөштөн алынган. Кыргызстан дагы спорттун бул түрүнүн түзүүчүсү катары өзүн эсептей алат.”, – деди Шестаков.
Ошондой эле, чемпионатка 51 өлкөдөн 500дөн ашык спортчу катышаарын айтты.
Самат Токтоналиев Кыргызстанда аталган чемпионаттын өтүп жатышы чоң сыймык экендигин белгилеп, даярдык жогорку деңгээлде экендигин билдирди:
“Чемпионатты ийгиликтүү өткөрүп алууга Кыргызстан толугу менен даяр. Спортчулар да атайын окуу-машыгуу жыйынын өткөрүштү. Баар дык спортчуларга ийгилик каалайбыз!”,-деп билдирди.
Белгилей кетсек, самбо боюнча Дүйнө чемпионаты 11-13-ноябрь күндөрү “Газпром-балдарга” ден-соолукту чыңдоо борборунда өтөт.

Связанный пост