Самарканд шаарында ТМУнун кезектеги Саммити болуп өттү

 Самарканд шаарында ТМУнун кезектеги Саммити болуп өттү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-ноябрда, Самарканд шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн тогузунчу Саммитинин жыйынына катышты.

Өз сөзүндө Президент Садыр Жапаров аймактык коопсуздук маселелерин көтөрүп, ТМУ өлкөлөрүн соода мамилелерин кеңейтүүгө чакырып жана Уюмдун Инвестициялык фондун негиздөө боюнча демилгени колдоду.
ТМУ мамлекеттеринин башчыларынын чечими менен Кыргыз Республикасынын өкүлү Кубанычбек Өмүралиевди ТМУнун Башкы катчысы кылып дайындашты.

Мындан тышкары, чыгаан жазуучу Чыңгыз Айтматовго көзү өткөндөн кийин Алишер Навои атындагы «Түрк дүйнөсүнүн биримдигине кошкон салымы үчүн» эл аралык сыйлыгы ыйгарылды.

Сыйлыкты Президент Садыр Жапаровго тапшырышты.

Связанный пост