Саясат

Президент Садыр Жапаров: Курултай – бабаларыбыздан мурас калган мамлекеттик башкаруунун

Президент Садыр Жапаров бүгүн 25-ноябрда, өлкөнүн биринчи Элдик курултайында кайрылуу жасады. Мамлекет башчысынын кайрылуусу: “Кадырлуу калайык-калк! Жети дубандан шайланып келген ардактуу журт жакшылары! Биринчи Элдик Курултайдын урматтуу катышуучулары! Байыркы карт тарыхтын бүктөмдөрүндө изи жаткан, Алтайдан Ала-Тоого чейинки узак жолду басып өткөн, даңазасы урпактарын сыймыкка бөлөгөн ата-бабаларыбыздын түп мүдөөсү: “Улуттун уркун кылымдарга улаган, түркүгү бекем мамлекет […]Читать далее

Саясат

Президент: Суу башында туруп электр энергиясын сатып алуу уят иш

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда биринчи Элдик курултай өтүп жатат. Курултайда президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушунун башталышы – өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгына жасалган чоң кадам болгону тууралуу кеп кылды. “Суу башында туруп электрэнергиясын импорттоо – биз үчүн уят иш, бетке чиркөө көрүнүш. Биз Кудай берген ырыскыбызды – Кыргызстандагы электр кубатын өндүрүү […]Читать далее

Саясат

Садыр Жапаров: Мындан ары сырттан темир сатып албайбыз

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда биринчи Элдик курултай өтүп жатат. Курултайда президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, өлкөдөгү бардык курулуштарга сырттан темир сатып албай, өз темир кендерибиз пайдаланылаары тууралуу кеп кылды. “Темир жол курулушуна, ГЭСтерибизди курууга, өлкөдөгү бардык курулуштарга сырттан темир сатып албай, өз темир кендерибизди пайдаланууну көздөп жатабыз. Себеби бүгүнкү күндө темир сатып алууга […]Читать далее

Коом

Кадыралы Кошалиев Элдик курултайдын төрагасы болуп шайланды

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда биринчи Элдик курултай өтүп жатат. Курултайдын төрагасы болуп Кадыралы Кошалиев шайланды. Белгилей кетсек, делегаттардын эң улуусу, коомдук ишмер Кемел Ашыралиев курултайдын убактылуу төрагасы болуп дайындалган. Ашыралиев курултайдын төрагасы жана анын орун басарлары шайланганга чейин жыйынды алып барды.Читать далее

Коом

Элдик курултайга 1000ден ашуун делегат катышууда

Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтүп жаткан биринчи Элдик курултайга өлкө аймагынан келген 1072 делегат катышууда. Кворум бар. Бул тууралуу мамлекеттик катчы, биринчи Элдик курултайды уюштуруу комитетинин төрагасы Сүйүнбек Касмамбетов иш-чараны ачып жатып билдирди. Анын айтуусуна караганда, президенттин курултайды чакыруу жөнүндө жарлыгы менен бирге биринчи Элдик курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлүп, мыйзам кабыл алынганга […]Читать далее

Коом

Бишкекте биринчи Элдик курултай өз ишин баштады

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда биринчи Элдик курултай өз ишин баштады. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 1000ден ашуун делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда. Иш-чара эки күн — 25-26-ноябрга созулат. Курултайдын жыйынтыгы боюнча биринчи элдик Курултайдын резолюциясы кабыл алынат. Курултайдын […]Читать далее

Коом

Кеминде окуучулар арасында зордук-зомбулуктун алдын алууга багытталган иш-чара өттү

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асель Чынбаева мектеп окуучуларынын арасында зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча окуу-тарбия иштери боюнча мектептердин 30дан ашык директорлору жана завучтары үчүн уюштурулган иш-чарага катышты. Иш-чара Кемин шаарында 16 күндүк зордук-зомбулукка каршы кампаниянын алкагында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Билим берүү мекемелеринин бирикмеси Ассоциациясы менен биргеликте уюштурулду. Талкуунун жүрүшүндө мектеп […]Читать далее

Маданият

Маданият министрлигинин түзүмүндөгү 12 064 кызматкер аттестациядан өтөт

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин 2022- жылдын 14-ноябрындагы №629 буйругуна ылайык, министрликтин түзүмүндөгү билим берүү, театр-оюн-зоок мекемелеринин, клуб, музей, китепкана, маданият уйлөрүнүн кызматкерлери аттестациялоодон өтөт. Аттестациялоо Министрликтин 2022-жылдын 21 -октябрындагы №581 буйругу менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин системасынын кызматкерлерин аттестациялоонун тартиби жөнүндө» жобого ылайык жүргүзүлөт. Аттестациядан өтүү […]Читать далее

Саясат

Эртең Бишкекте биринчи Элдик курултай өтөт

Президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен эртең 25-ноябрда, Бишкекте биринчи Элдик курултай ишин баштайт. Иш-чара эки күн — 25-26-ноябрга созулат. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 1000ден ашуун делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышат. Курултайдын жыйынтыгы боюнча Биринчи Элдик Курултайдын резолюциясы кабыл алынат. Биринчи Элдик Курултай УТРК, ЭлТР, […]Читать далее

Коом

Кадамжайда кылмыштарды алдын алуу боюнча окуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Кадамжай районунунда милициянын балдар менен иштөө инспекциясы мектептерде окуучуларды жана жергиликтүү тургундарды чогултушуп, жыйын өткөрүштү. Анда кылмыштарды алдын алуу жана болтурбоо, коомдук тартипти сактоо, коомдук жайларда тилемчилик менен алектенген атуулдарды аныктоо, жаш өспүрүмдөрдү кароосуз калтырбоо, уурулукту алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул жыйын билим берүү кызматкерлеринин, социалдык коргоо кызматкерлеринин, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн […]Читать далее