Президент: Суу башында туруп электр энергиясын сатып алуу уят иш

 Президент: Суу башында туруп электр энергиясын  сатып алуу уят иш

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда биринчи Элдик курултай өтүп жатат.

Курултайда президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушунун башталышы – өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгына жасалган чоң кадам болгону тууралуу кеп кылды.

“Суу башында туруп электрэнергиясын импорттоо – биз үчүн уят иш, бетке чиркөө көрүнүш. Биз Кудай берген ырыскыбызды – Кыргызстандагы электр кубатын өндүрүү мүмкүнчүлүктөрүн туура пайдаланып, элибиздин башкы байлыгына айландырууга милдеттүүбүз.

«Эл башы болгуча ‒ суу башы бол!» деген экен даанышман аталарыбыз. Экономикалык кыйынчылыктарга карабастан, “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу иштерин баштадык. Кыргыз энергетикасынын келечектеги флагманы болгон “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушунун башталышы – өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгына жасалган чоң кадам. Кудай буюрса, аны да буюрган күнү толук бүтүрүп, ишке беребиз.

Ошону менен бирге, бир нече чакан ГЭСтердин курулуштарын баштадык. Айрымдары жакынкы мезгилде ишке киргизилүүнүн алдында турат. Биз өлкөнү электр кризисинен толук чыгарып, сырттан электр энергиясын сатып албай, тескерисинче, электр кубатын сыртка экспорттогон алдыңкы өлкөгө айланабыз деген аруу тилегибиз бар.

“Камбар-Ата-1” ГЭСи биздин мамлекет үчүн өтө маанилүү стратегиялык долбоор! Келечекте ушундай эле чоң-чоң стратегиялык ГЭСтерди куруу пландарыбыз да бар. Ага биздин табиятыбыздан берилген мүмкүнчүлүк жол берет.” – деп билдирди өлкө башчы.

Связанный пост