Эртең Бишкекте биринчи Элдик курултай өтөт

 Эртең Бишкекте биринчи Элдик курултай өтөт

Президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен эртең 25-ноябрда, Бишкекте биринчи Элдик курултай ишин баштайт.

Иш-чара эки күн — 25-26-ноябрга созулат.

Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 1000ден ашуун делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышат.

Курултайдын жыйынтыгы боюнча Биринчи Элдик Курултайдын резолюциясы кабыл алынат.

Биринчи Элдик Курултай УТРК, ЭлТР, республикалык, облустук телеканалдарда жана социалдык тармактардагы баракчаларда түз алып көрсөтүлөт.

Көрсөтүү 25 жана 26-ноябрда саат 10:00дө башталат.

Связанный пост