Маданият министрлигинин түзүмүндөгү 12 064 кызматкер аттестациядан өтөт

 Маданият министрлигинин түзүмүндөгү 12 064 кызматкер аттестациядан өтөт
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин 2022- жылдын 14-ноябрындагы №629 буйругуна ылайык, министрликтин түзүмүндөгү билим берүү, театр-оюн-зоок мекемелеринин, клуб, музей, китепкана, маданият уйлөрүнүн кызматкерлери аттестациялоодон өтөт.
Аттестациялоо Министрликтин 2022-жылдын 21 -октябрындагы №581 буйругу менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин системасынын кызматкерлерин аттестациялоонун тартиби жөнүндө» жобого ылайык жүргүзүлөт.
Аттестациядан өтүү боюнча тийиштүү кызматкерлерге алдын ала маалымдама берилген. Учурда тиешелүү иш- аракеттер жүрүп жатат.
Төмөндөгү график театр-оюн-зоок мекемелеринин, клуб, музей, китепкана жана маданият үйүнүн кызматкерлерине тиешелүү:
Бишкек шаары жана Чүй облусу-2022-ж. 14-31-декабрга чейин;
Ысык-Көл облусу-2023-ж. 10-20-январга чейин;
Нарын облусу-2023-ж. 17- 31-январга чейин;
Талас облусу-2023-ж. 24-январдан-10-февралга чейин;
Баткен облусу-2023-ж. 7-25 февралга чейин;
Ош облусу-2023-ж. 14-февралдан 3-мартка чейин;
Жалал-Абад облусу-2023-ж. 28-февралдан 17-мартка чейин.
Ал эми Билим берүү мекемелеринде иштеген кызматкерлер төмөнкү график боюнча аттестация тапшырышат:
Ысык-Көл жана Нарын облустары-2022-ж. 14-23-декабрга чейин;
Талас облусу- 2023-ж. 10-13-январга чейин;
Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустары-2023-ж. 16-январынан -17-февралга чейин;
Бишкек шаары, Чүй облусу-2023-ж. 27-февралдан-10-мартка чейин.

Связанный пост