Садыр Жапаров: Мындан ары сырттан темир сатып албайбыз

 Садыр Жапаров: Мындан ары сырттан темир сатып албайбыз

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда биринчи Элдик курултай өтүп жатат.

Курултайда президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, өлкөдөгү бардык курулуштарга сырттан темир сатып албай, өз темир кендерибиз пайдаланылаары тууралуу кеп кылды.

“Темир жол курулушуна, ГЭСтерибизди курууга, өлкөдөгү бардык курулуштарга сырттан темир сатып албай, өз темир кендерибизди пайдаланууну көздөп жатабыз. Себеби бүгүнкү күндө темир сатып алууга жылына бир нече миллион доллар жумшайт экенбиз. Ушундай каражатка өзүбүзгө заманбап темир иштете турган завод куруп алсак, өлкөбүздөн ири каражаттын сыртка агып чыгып кетишин токтотуп эле калбастан, темирди экспорттоо менен мамлекетибиздин казынасына олуттуу киреше киргизебиз. Элибиздин жашоо турмушунун тез жакшырышы на жол ачабыз. Тарыхта кыргыз эли байыркы замандарда эле темирди мыкты иштеткен эл катары даңазаланган. Каныбызда бар мындай өнөрдү кайра жаратууга эмнеге болбосун!”- деп  билдирди өлкө башчы.

 

 

Связанный пост