Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Кара-Жыгач айыл аймагында эки суу мунарасынын ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев, АРИС уюмунун директору Марс Наспеков, Аламүдүн районунун акими Бактыбек Анаркулов жана башкалар катышышты. Мындан тышкары, 28 чакырым негизги суу түтүктөрү жаңыртылды. Долбоор АРИС тарабынан каржыланып, жалпы суммасы 60 млн 354 миң […]Читать далее
Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Чаек айылында жайгашкан “Латифа” кафесинен өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө саат 10:17де Жумгал райондук №43 ӨКБдан 2 бөлүм тартылган. Өрт саат 11:35те чектөөгө алынып, 12:05те толугу менен өчүрүлгөн. Такталган маалымат боюнча кырсыктан жабыркагандар жок жана өрттүң келип чыгуу себеби такталууда.Читать далее
Улуттук илимдер академиясынын жалпы чогулушунун жүрүшүндө уюмдун президентин шайлоо өттү. Мыйзамга ылайык, министрлер кабинети Канатбек Эрмекович Абдрахматовдун талапкерлигин сунуштады. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча КР Улуттук илимдер академиясынын президенти болуп Канатбек Абдрахматов шайланды.Читать далее
Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драм театрынын залында Ленин районунун №77, 96, 84, 102, 93 , 79, 97 мектептеринин окуучулары үчүн Жаныш Кулмамбетовдун романы боюнча “Алай жолборсу” спектакли коюлду. Иш-чара КРдин Президенти Садыр Жапаровдун “Инсанды руханий-адептик жактан өнүктүрүү жана дене тарбиясы жөнүндө” жана “Улуттук нарк- улуттун жүзү” Жарлыктарынын алкагында ишке ашырылды. Окуучуларды мугалимдер, ата-энелер жана балдар […]Читать далее
Илим – бул улуттук ресурс, өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн негизги башаты. Бул туурасында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Улуттук илимдер академиясынын жалпы жыйынында сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Ал белгилегендей, Министрлер Кабинети билим, илим, инновация тармагына артыкчылыктуу багыт катары карап, аларды өлкөнүн экономикасын алдыга сүйрөй турган кыймылдаткыч күчкө айлантуу үстүндө иш алып барууда. «Албетте, илимге каражат аз бөлүнөт. […]Читать далее
Армрестлинг боюнча улуттук курама команда 21-26-ноябрь күндөрү Ташкент шаарында өткөн Азия кубогунда 25 медаль (9 алтын, 10 күмүш, 6 коло) жеңди. Жалпы медалдык эсепте Кыргызстан курама командасы үчүнчү орунду ээледи. Алтын медалдын ээлери: 40 кг салмак категориясында Алтынай Өмүрбекова, 50 салмак даражасында Асема Маликова, 55 кг салмак менен Шахзода Юнусова, 60 кг салмак категориясында Байтур […]Читать далее
1-декабрда Маданият ишмерлери жана искусство өкүлдөрүнүн катышуусунда Кыргыз Республикасынын эл артисти, төкмө акын, киноактёр, режиссёр Орозбек Кутманалиевдин 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өтөт. Эскерүү кече Улуттук телерадио корпорациясынын концерттик залында саат 18:00дө башталат. Орозбек Кутманалиев 1932-жылы 10-майда Чүй облусунун Сокулук районундагы Шалта айылында жарык дүйнөгө келген. Ал ар тараптуу талант болгон. Эмгек жолун 1955-жылы Республикалык […]Читать далее
Бишкекте түзүмдүк бөлүмдөрдүн, райондук администрациялардын жана Бишкек шаардык кеңешинин кызматкерлеринин арасында Бишкек шаарынын мэринин Кубогу-2022 мелдешинин салтанаттуу ачылышы өткөрүлдү. Иш-чараны борбор калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева ачты. Мелдештер спорттун 7 түрү боюнча өткөрүлөт: 1. мини – футбол 2. волейбол 3. стол тенниси 4. шахмат 5. дартс 6. аркан тартыш 7. бильярд Мелдешке мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнөн 18ден […]Читать далее
Бишкек троллейбус башкармалыгынын айдоочуларына медициналык биринчи жардам комплекти таратылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, биринчи жардам комплектинде эң керектүү дары-дармектер бар: аммиак (нашатырь спирти), зеленка, бинт, суутектин перекиси, таңуу материалдары, валерианын эритмеси, кебез, спирттүү майлыктар, гипстер, йод жана валидол. Күн сайын кезмет алмаштыруу алдында айдоочулар медициналык кароодон өтүшөт. Алардан спирт ичимдиктерин […]Читать далее
Борбордук “Ала-Тоо” аянтында өлкөнүн башкы балатысынын темир каркасын орнотуу иштери башталды. Жаңы жылдык балаты чоң фонтандын ордуна орнотулат. Анын бийиктиги 25 метр, диаметри 12 метр, каркасына 1400 ийне жалбырактуу дарактардын бутактары бекитилет. Шаарды жаңы жылга карата жасалгалоо иштери декабрь айынын ортосуна чейин созулат.Читать далее