Армрестлинг боюнча улуттук курама команда Азия кубогунда 25 медаль жеңди

 Армрестлинг боюнча улуттук курама команда Азия кубогунда 25 медаль жеңди
Армрестлинг  боюнча улуттук курама команда 21-26-ноябрь күндөрү Ташкент шаарында өткөн Азия кубогунда 25 медаль (9 алтын, 10 күмүш, 6 коло) жеңди. Жалпы медалдык эсепте Кыргызстан курама командасы үчүнчү орунду ээледи.
Алтын медалдын ээлери: 40 кг салмак категориясында Алтынай Өмүрбекова, 50 салмак даражасында Асема Маликова, 55 кг салмак менен Шахзода Юнусова, 60 кг салмак категориясында Байтур Абжалбеков жана 100 кг салмак даражасында Владимир Рыбаков, ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар арасында Чолпонай Жапаркулов 1-орунду ээледи.
Күмүш медалдын ээлери: 40 кг салмак категориясында Алтынай Өмүрбекова, 45 кг салмакта Жыргал Бактыбаев,50 кг салмакта Асема Маликова, 55 кг салмак даражасында Афтандил Эгембердиев жана Дарья Ибрахимова, 60 кг салмак категориясында Ажар Сматова жана Максим Хивренко, 65 кг Элнура Тагайбекова жана Самат Байызбеков экинчи орунду ээледи.
Коло медалдын ээлери: 50 кг салмак даражасында Садыр Баатыров, 55 кг салмак категориясында Дарья Ибрахимова жана Афтандил Эгембердиев, 60 кг салмакта Максим Хивренко жана Самат Байызбеков, 65 кг салмак даражасында Айбек Наралыев үчүнчү орунду ээледи.

Связанный пост