1-декабрда Орозбек Кутманалиевдин 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өтөт

 1-декабрда Орозбек Кутманалиевдин 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өтөт
1-декабрда Маданият ишмерлери жана искусство өкүлдөрүнүн катышуусунда Кыргыз Республикасынын эл артисти, төкмө акын, киноактёр, режиссёр Орозбек Кутманалиевдин 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өтөт. Эскерүү кече Улуттук телерадио корпорациясынын концерттик залында саат 18:00дө башталат.
Орозбек Кутманалиев 1932-жылы 10-майда Чүй облусунун Сокулук районундагы Шалта айылында жарык дүйнөгө келген.
Ал ар тараптуу талант болгон. Эмгек жолун 1955-жылы Республикалык куурчак театрында артист болуп баштаган. 1965-жылдан Т. Сатылганов атындагы кыргыз мамлекеттик филармониясында солист, 1969-жылдан Кыргыз телекөрсөтүү жана радио уктуруу комитетинде режиссёр-диктор, 1974-жылдан «Кыргызфильм» киностудиясында дубляж боюнча режиссёр болуп эмгектенген.
Алгачкы жолу режиссёр Юрий Борецскийдин “Ак куулар конгон айдың көл” тасмасында жылкычынын ролун аткарган. Андан соң Болот Шамшиевдин “Ак кеме”, “Фудзиямадагы кадыр түн”, “Бөрү зындан”, “Эрте келген турналар”, “Адамдар арасында”, Төлөмүш Океевдин “Ак илбирстин тукуму”, “Алтын күз”, Мелис Убукеевдин “Акмөөр”, “Сүйүү закымдары”, Дооронбек Садырбаевдин “Түркүн тагдырлар”, “Махабат дастаны”, Кадыржан Кыдыралиевдин “Өрүкзардагы баян”, Геннадий Базаровдун “Жаңылуу” өңдүү 20га жакын фильмде образ жараткан.
Ал «Жүрөктү жүрөм дарылап», «Айдай кызга» ж.б. обондорду жараткан жана көркөм окуунун чебери болгон.
Орозбек Кутманаливдин ысымы Сокулук райондук маданият үйүнө ыйгарылган.

Связанный пост