Жумгал районунда тамактануучу жайдан өрт чыкты

 Жумгал районунда тамактануучу жайдан өрт чыкты
Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Чаек айылында жайгашкан “Латифа” кафесинен өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө саат 10:17де Жумгал райондук №43 ӨКБдан 2 бөлүм тартылган. Өрт саат 11:35те чектөөгө алынып, 12:05те толугу менен өчүрүлгөн.
Такталган маалымат боюнча кырсыктан жабыркагандар жок жана өрттүң келип чыгуу себеби такталууда.

Связанный пост