Акылбек Жапаров: Илим жана инновациялар экономиканы өнүктүрүүнүн кыймылдаткычы болушу керек

 Акылбек Жапаров: Илим жана инновациялар экономиканы өнүктүрүүнүн кыймылдаткычы болушу керек

Илим – бул улуттук ресурс, өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн негизги башаты. Бул туурасында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Улуттук илимдер академиясынын жалпы жыйынында сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

Ал белгилегендей, Министрлер Кабинети билим, илим, инновация тармагына артыкчылыктуу багыт катары карап, аларды өлкөнүн экономикасын алдыга сүйрөй турган кыймылдаткыч күчкө айлантуу үстүндө иш алып барууда.

«Албетте, илимге каражат аз бөлүнөт. Тилекке каршы, эгемендүүлүктүн отуз жылдык мезгилинде илим деген маанилүү тармагыбыз көз жаздымда калып калды. 2021-жылы Илимдер академиясына – 311,5 млн сом, быйылкы жылы 479,2 млн сом бөлүндү. Эмдиги жылга 524,4 млн сом карап жатабыз. Ошентсе да эки жылда Президент уюмдун бюджетин  187,5 млн сомго көбөйтүп берди. Эгерде илимий кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугу жогору болсо, өлкө жетекчилиги мыйзамда көрсөтүлгөн ИДПга карата 1% каражатты бөлүүгө даяр», – деди Акылбек Жапаров.

Министрлер Кабинетинин башчысы атамекендик экономикага салым кошуучу долбоорлор, стартаптар, илимий изилдөөлөр болсо – өлкө инвестиция кылууга даяр экендигин кошумчалады.

Ал Илимдер академиясынын конкреттүү 4-5 артыкчылыктуу багытын аныктоо, илимге кызыккан 45 жашка чейинки жаштарды ишке тартуу жана колдоого алуу, патенттик активдүүлүктү жогорулатуу, эскирген лабораторияларды толук оңдоп-түзөө, бюджеттен бөлүнгөн каражаттарды кайтарууну камсыз кылуу иштерин күчтөндүрүү маанилүү экендигин кошумчалады.

Улуттук илимдер академиясынын жалпы чогулушунун жүрүшүндө уюмдун президентин шайлоо өттү. Мыйзамга ылайык, Министрлер Кабинети Канатбек Эрмекович Абдрахматовдун талапкерлигин сунуштады. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясынын президенти болуп Канатбек Абдрахматов шайланды.

Связанный пост