Аламүдүн районунда эки суу мунарасы ачылды

 Аламүдүн районунда эки суу мунарасы ачылды
Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Кара-Жыгач айыл аймагында эки суу мунарасынын ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев, АРИС уюмунун директору Марс Наспеков, Аламүдүн районунун акими Бактыбек Анаркулов жана башкалар катышышты.
Мындан тышкары, 28 чакырым негизги суу түтүктөрү жаңыртылды. Долбоор АРИС тарабынан каржыланып, жалпы суммасы 60 млн 354 миң сомду түздү. Аталган долбоордун ишке ашуусу менен Кара-Жыгач айыл аймагы толук таза суу менен камсыз болмокчу.

Связанный пост