8-декабрь — радиоуктуруу жана телекөрсөтүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы. Бул күнгө карата Улуттук статистика комитети атайын маалымат даярдаган. Радио жана телекөрсөтүү кызматкерлеринин күнү 1995-жылы 23-декабрда Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан расмий түрдө негизделген жана биринчи жолу 1996-жылы белгиленген. Кино тармагы революцияга чейинки Кыргызстанда эле өнүгө баштаган, Пишпек шаарынын борборундагы Эмен сейил багында (Дубовой парк) “Эдиссон” атындагы кинотеатр […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров радиоуктуруу жана телекөрсөтүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы — Кыргыз Республикасынын радио жана телевидение кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти: «Урматтуу Кыргыз Республикасынын радиоуктуруу жана телекөрсөтүү кызматкерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – радио жана телекөрсөтүү кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм! Учурда маалыматтык технологиялар, ошондой эле маалыматты жайылтуу жана коомчулукка жеткирүү жолдору тездик […]Читать далее
Президент Садыр Жапаровдун кол койгон тескемесине ылайык, «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлдү. Жумушчу топтун курамына «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзамынын долбоорун жеткире иштеп чыгууга кызыкдар болгон ЖМКнын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү кирген. Жумушчу топ 2023-жылдын 1-мартына чейин Кыргыз Республикасынын «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзамынын долбоорун жеткире иштеп чыгып, […]Читать далее
Бүгүн волейбол боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында өтүп жаткан Кыргызстан кубогу жыйынтыкталды. Мелдешке жалпы 21 команда катышты. Эркектер клубдук командалар арасында биринчи орунду “Бүркүт” командасы, “Кыргызстан” командасы экинчи жана “ВВ МВД” командасы үчүнчү орун ээледи. Ал эми кыз-келиндер арасында биринчи орунду “Дордой” командасы, экинчи “Салам-Алик”жана үчүнчү орунду “Улар” командасы камсыз кылды. Мелдеш 2-декабрь күнү башталып, […]Читать далее
1-6-декабрь күндөрү Баткен шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстандын жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-тажик чек арасындагы 17,66 чакырым тилкени тактоо боюнча макулдашкан. Ошондой эле аталган багытта ишти улантуу максатында 2023-жылга жолугушуулардын графиги макулдашылды. […]Читать далее
2022-жылдын январь-ноябрь айларында Кыргызстандын ички жана тышкы карызын тейлөөгө жалпысынан 30 млрддан ашык сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматыка ылайык, ички карыз үчүн 10 млрддан ашык сом, ал эми тышкы карыз үчүн 20 млрд 634 млн сом бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5 млрд 200 млн долларды түзөт.Читать далее
Бишкек троллейбус башкармалыгы адистерди кабыл алууну жарыялайт. Төмөнкү адистиктер боюнча бош орундар бар: ° Троллейбус айдоочу ° Жеңил унаа айдоочусу ° Катчы (секретарь) ° Электронщик ° Электр монтер ° Электрик ° Токарь ° Инженер ° Фрезировщик ° Энерго чарбанын жетекчиси Тажрыйбалуу жана кесипкөй кызматкерлер талап кылынат. Айлык келишим боюнча. Байланыш номери: 65-75-90 Дареги: Москва көчөсү […]Читать далее
Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан “Кыргыз почтасы” Мамлекеттик ишканасынын Сокулук райондук филиалында пенсия, пособие жана башка төлөмдөрдүн сарпталышынын мыйзамдуулугу боюнча текшерүү жүргүзүлүп, 985 миң 651 сом акча каражатты аталган мекеменин жооптуу кызматкерлери кымырып алгандыгы аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Аталган факты боюнча прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп, филиалдын башкы бухгалтери А.С., котормо […]Читать далее
Кыргызстанда 2022-жылдын декабрынан тартып жылдык кирешеси 30 млн сомдон ашпаган чакан жана орто ишкердик субъекттер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкалары 2027-жылдын 1-январына чейин төмөндөтүлдү. Чакан жана орто ишкердиктин субъекттерин колдоо жана андан ары өнүктүрүү, аларды көмүскөдөн чыгаруу максатында Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 4-ноябрындагы Мыйзамы менен мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жаатындагы мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилди. Өзгөртүүлөр мамлекеттик бюджеттен […]Читать далее
Саламаттык сактоо министринин орун басары Жаркынбек Касымбеков кызматынан бошотулду. Кабарды министрликтин маалымат кызматы тастыктады. Касымбеков бул кызматка ушул жылдын 4-июнунда мурдагы министр Алымкадыр Бейшеналиевге кылмыш иши козголуп, жумуштан четтетилгенден кийин дайындалып, ага министрдин милдетин аткаруу да жүктөлгөн. Министрликке жаны жетекчи болуп 23-августта Гүлнара Баатырова дайындалып, Касымбеков орун басар катары иштеп келген. Касымбековдун кызматтан кетишинин себеби […]Читать далее