Кыргызстан жыл башынан бери мамлекеттик карызды тейлөөгө 30,6 млрд сом бөлдү

 Кыргызстан жыл башынан бери мамлекеттик карызды тейлөөгө 30,6 млрд сом бөлдү

2022-жылдын январь-ноябрь айларында Кыргызстандын ички жана тышкы карызын тейлөөгө жалпысынан 30 млрддан ашык сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматыка ылайык, ички карыз үчүн 10 млрддан ашык сом, ал эми тышкы карыз үчүн 20 млрд 634 млн сом бөлүнгөн.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5 млрд 200 млн долларды түзөт.

Связанный пост