8-декабрь — радио жана телекөрсөтүү кызматкерлеринин күнү

 8-декабрь — радио жана телекөрсөтүү кызматкерлеринин күнү

8-декабрь — радиоуктуруу жана телекөрсөтүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы. Бул күнгө карата Улуттук статистика комитети атайын маалымат даярдаган.

Радио жана телекөрсөтүү кызматкерлеринин күнү 1995-жылы 23-декабрда Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан расмий түрдө негизделген жана биринчи жолу 1996-жылы белгиленген.

Кино тармагы революцияга чейинки Кыргызстанда эле өнүгө баштаган, Пишпек шаарынын борборундагы Эмен сейил багында (Дубовой парк) “Эдиссон” атындагы кинотеатр курулган.

1926-жылдын башында республикада 150дөн ашык кино коюучу шаймандар болуп, алардын 83ү айыл жерлеринде жайгашкан.

1950-жылы кино коюучу шаймандардын саны олуттуу көбөйүп, 1958-жылы телестудиянын имараты пайдаланууга берилген, ал эми ошол эле жылы 8-декабрда кыргыз телекөрсөтүүсүндө биринчи маалыматтык программа эфирге чыккан.

Бул күн республикалык жеке телевизиондук берүүнүн башталышы болуп саналат.

Алгачкы убактарда телестудия эфирге жумасына төрт жолу чыккан, ал эми суткалык телепрограммалардын узактыгы бир саатты гана түзгөн. Берүүлөр кыргыз жана орус тилдеринде берилип, кара-ак түстө көрсөтүлгөн. 1979-жылы өлкөнүн дээрлик бардык калктуу пункттары кыргыз телекөрсөтүүсүнүн суткалык берүүсүн көрө башташкан.

Статистикалык бирдиктердин бирдиктүү мамлекеттик регистринин маалыматтары боюнча 2022-жылдын башына карата республиканын аймагында 177 көз карандысыз телерадиокомпания иш жүргүзгөн, анын ичинде республикалык «Радиотелецентр», «Новая Телевизионная Сеть» телерадиокомпаниясы, «Пирамида» радиотехникалык борбору, «Европа» радиокомпаниясы, «Независимое Бишкекское Телевидение» жана башкалар бар.

2021-жылдын башына карата республикада 130 телерадиоберүү каналы иш жүргүзгөн. Ошону менен бирге эфирдик телекөрсөтүүлөрдүн кызмат көрсөтүүлөрү мамлекеттик жана жеке телерадиокомпаниялары тарабынан бардык региондордо көрсөтүлгөн.

Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын маалыматы боюнча 2021-жылы Интернет-телекөрсөтүүнүн (IPTV) абоненттеринин саны 2017-жылга салыштырмалуу 1,6 эсеге көбөйүп, 39 миңден ашты, ал эми санариптик берүүлөрдүн саны бул мезгилдин ичинде 1,2 эсеге өсүп, 20 миңден ашкан.

Радиоуктуруу боюнча айтсак, 1931-жылы республиканын Байланыш башкармалыгынын карамагында Республикалык радиоуктуруу комитети түзүлгөн, ал эми кийинки жылы ал Кыргыз ССРинин Борбордук аткаруу комитетинин (БАК) карамагына өткөрүлүп берилген.

Связанный пост