Саламаттык сактоо министринин орун басары Жаркынбек Касымбеков кызматынан бошотулду

 Саламаттык сактоо министринин орун басары Жаркынбек Касымбеков кызматынан бошотулду

Саламаттык сактоо министринин орун басары Жаркынбек Касымбеков кызматынан бошотулду. Кабарды министрликтин маалымат кызматы тастыктады.

Касымбеков бул кызматка ушул жылдын 4-июнунда мурдагы министр Алымкадыр Бейшеналиевге кылмыш иши козголуп, жумуштан четтетилгенден кийин дайындалып, ага министрдин милдетин аткаруу да жүктөлгөн.

Министрликке жаны жетекчи болуп 23-августта Гүлнара Баатырова дайындалып, Касымбеков орун басар катары иштеп келген.

Касымбековдун кызматтан кетишинин себеби жана анын ордуна ким келери айтылган жок.

Связанный пост