Чакан жана орто бизнес үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери төмөндөтүлдү

 Чакан жана орто бизнес үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери төмөндөтүлдү

Кыргызстанда 2022-жылдын декабрынан тартып жылдык кирешеси 30 млн сомдон ашпаган чакан жана орто ишкердик субъекттер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкалары 2027-жылдын 1-январына чейин төмөндөтүлдү.

Чакан жана орто ишкердиктин субъекттерин колдоо жана андан ары өнүктүрүү, аларды көмүскөдөн чыгаруу максатында Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 4-ноябрындагы Мыйзамы менен мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жаатындагы мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилди.

Өзгөртүүлөр мамлекеттик бюджеттен каржылануучу уюмдарга, мамлекеттик ишканаларга, уюмдарга жана мекемелерге, ошондой эле мамлекеттин катышуу үлүшү 51 пайыздан ашык болгон ишканаларга жана уюмдарга жайылтылбайт.

Алсак, жылдык кирешеси 30 млн сомдон ашпаган чакан жана орто ишкердиктин субъекттери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери:

– жалданма жумушчуларынын саны 5-14 адам болсо – 27,25 %дан 22 %га чейин төмөндөдү (жумуш берүүчүдөн 12 % жана жумушчудан 10 %);

– жалданма жумушчуларынын саны 15 адам жана андан көп болсо –27,25 %дан 14 %га чейин төмөндөдү (жумуш берүүчүдөн 4 % жана жумушчудан 10 %).

Мындан тышкары, чакан жана орто бизнестин субъекттери үчүн Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фонду (0,25 %) алып салынды.

Отчетто 1-4 адамды көрсөткөн чакан жана орто ишкердиктин субъекттери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери өзгөрүүсүз калат – 27,25 % (жумуш берүүчүдөн 17,25 % жана жумушчудан 10 %).

Ошону менен бирге тарифтик ставкалар боюнча 27,25% төлөгөн бардык төлөөчүлөр үчүн – жумуш берүүчү жумушчулары үчүн төлөй турган камсыздандыруу төгүмдөрүнүн өлчөмү орточо айлык эмгек акынын 60 пайызынан эсептелген суммадан аз болушу мүмкүн эмес.

Ошондой эле, КР мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен Салык кодексин шайкеш келтирүү максатында, салык режимдеринин түрлөрүн, ошондой эле мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча айып жана туумдардын ченемдерин салык мыйзамдарына ылайык келтирүү бөлүгүндө өзгөртүүлөр киргизилди.

Буга чейин эсептешүү ведомостторун белгиленген мөөнөттө бербегендиги (же кечиктиргендиги) үчүн өткөн отчеттук мезгилде түзүлгөн төлөмдөрдүн суммасынын 25 пайыз өлчөмүндө айып пул календардык жыл ичинде эки жолудан ашык берилбегенде (же кечиктирилгенде) кийин кайра эсептөө менен чегерилип келген. 2022-жылдын 1-декабрынан тартып белгиленген мөөнөткө чейин отчет бербеген (же кечиктирген) алгачкы учурда эле 25 % айып салынат.

Связанный пост