Волейбол боюнча Кыргызстандын кубогу жыйынтыкталды

 Волейбол боюнча Кыргызстандын кубогу жыйынтыкталды

Бүгүн волейбол боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында өтүп жаткан Кыргызстан кубогу жыйынтыкталды. Мелдешке жалпы 21 команда катышты.

Эркектер клубдук командалар арасында биринчи орунду “Бүркүт” командасы, “Кыргызстан” командасы экинчи жана “ВВ МВД” командасы үчүнчү орун ээледи.
Ал эми кыз-келиндер арасында биринчи орунду “Дордой” командасы, экинчи “Салам-Алик”жана үчүнчү орунду “Улар” командасы камсыз кылды.

Мелдеш 2-декабрь күнү башталып, Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өттү.

Связанный пост