Өспүрүм кызды зордуктоого шектелип “Алтын Казына” кафесинин кызматкери кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, Аламүдүн РИИБне арыз менен 1964-жылы туулган У.Ж. кайрылып, 7-августка караган түнү Лебединовка айылында белгисиз адамдар 2005-жылы туулган О.А. аттуу кызынын эркине каршы жыныстык катнашта болгонун айтып, чара көрүүнү суранган. Аталган арыз Аламүдүн РИИБне катталып, тергөөгө […]Читать далее
Шаардагы троллейбустар жууп-тазаланууда “Бишкек троллейбус башкармалыгы” муниципалдык ишканасынын троллейбустары күн сайын жууп-тазаланып турат. Күн сайын саат 05:30да нөөмөткө чыгар алдында ишкананын тиешелүү кызматынын кызматкерлери тарабынан бардык троллейбустардын санитардык абалы текшерилет. Коомдук транспорт санитардык көзөмөлдөн өтпөй туруп линияга чыгарылбайт. Троллейбус башкармалыгында жалпысынан 183 троллейбус бар. Алардын 130-135и жүргүнчүлөрдү ташыйт.Читать далее
Учурда Ош шаарындагы мектептерде мугалимдер жетишсиз. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Тактап айтканда, 200гө жакын бош орун бар, анын ичинен 7 орун мамлекеттик тилде окуткан мектептерде, 188 орун орус тилинде билим берген мектептерде. Мектептердеги бош орундардын тизмеси: 1. Башталгыч класстардын мугалимдери – 47 адис (орус тилдүү мектептерде). 2. Орус тили жана адабияты мугалимдери […]Читать далее
Омикрон BA.5 штаммынан адам өлүмүнүн учурлары эмделбегендер арасында жети эсе жогору. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Белгиленгендей, мындай маалыматтар Италиянын Ден соолук жогорку институтунун акыркы баяндамасында камтылат. Бүтүмдөр 12 жаштан жогору курактагы инфекцияга чалдыккан 100 миң адамды изилдөөгө негизделген. Анализ 13-майдан 12-июнга чейин созулган. Медиктер билдиргендей, 80 жаштан жогору адамдар үчүн эмделбегендер арасында адам өлүмү […]Читать далее
Бишкек шаарынын аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүн жакырчылыктан чыгарууга 35 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Мындай маалымат эмгек министри Кудайберген Базарбаевдин Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров менен жолугушуусунда белгилүү болду. “Үй бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алган жакыр үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгаруу максатында эмгек министрлиги бүткүл өлкө боюнча “Социалдык […]Читать далее
Аламүдүндө шамал бир бир нече үйдүн чатырын учуруп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, кечээ саат 16:45 чамасында болгон катуу шамалдын кесепетинен Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Мраморный айылында жайгашкан үйлөрдүн жана сарайдын чатырын учуруп кеткен. Айылда бак-дарактар кулап, электр мамычалары жабыркаган, ошол учурда электр энергиясы үзгүлтүккө учураган. Мындан улам […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров «Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирет. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2022-жылдын 30-июнунда кабыл алынган. Кыргыз Республикасынын «Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө» мыйзамдын максаты — креативдүү иш менен алектенген ишкерлердин ишинин өзгөчө режиминин иштеши үчүн укуктук негиздерди түзүү. Креативдүү экономика акыркы жылдары дүйнөлүк экономиканын динамикалуу […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-августта, Түрк мамлекеттер уюмунун аксакалдары менен жолугушту (ТМУ Аксакалдар кеңеши). Мамлекет башчысы коноктор менен саламдашып жатып, аксакалдар коомдо жана мамлекетте ардактуу орунду ээлей турганын белгиледи. Алардын кадыр-баркы талашсыз жана тарыхтын жүрүшү алардын таасири менен аныкталарын белгиледи. Садыр Жапаров ааламдашуу доорунда жана көптөгөн элдер өзүнүн түпкүлүгүн жоготуп алган мезгилде Түрк […]Читать далее
Россиянын Владивосток шаарында өткөн “Азия балдары” эл аралык спорт оюндарына катышкан кыргызстандык спортчулар кайтып келишти. Бул тууралуу Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы билдирди. Маалыматка ылайык, кыргызстандыктар спорттун 5 түрү боюнча катышып, 8 медаль жеңип алышкан: – ок атуу – 1 алтын, 1 – күмүш, 1 – коло; – таэквондо WTF – 1 күмүш; 1 […]Читать далее
Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн дзюдо боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык балбан Эрлан Шеров күмүш медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Спортчу турнирде 90 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашып, 1/4 финалдан тарта катышкан. Шеров алгачкы беттеште Кытайдан келген спортчуну утса, жарым финалда казакстандык спортчуну жеңген. Чемпионаттын финалында Эрлан Шеров япониялык спортчу […]Читать далее