Ош шаарында мектеп мугалимдери үчүн 200 бош орун бар

 Ош шаарында мектеп мугалимдери үчүн 200 бош орун бар

 Учурда Ош шаарындагы мектептерде мугалимдер жетишсиз. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Тактап айтканда, 200гө жакын бош орун бар, анын ичинен 7 орун мамлекеттик тилде окуткан мектептерде, 188 орун орус тилинде билим берген мектептерде.

Мектептердеги бош орундардын тизмеси:

1. Башталгыч класстардын мугалимдери – 47 адис (орус тилдүү мектептерде).

2. Орус тили жана адабияты мугалимдери — бардыгы болуп 36 адис. Анын ичинен 33 адис орус тилинде окуткан мектептерде, 2 адис мамлекеттик тилде окуткан мектептерде жана 1 адис өзбек тилиндеги мектептерде.

3. Математика мугалимдери – 22 адис. Анын ичинен 20 адис орус тилдүү мектептерге, 1 адис мамлекеттик тилде билим берген мектептерге жана 1 адис өзбек тилдүү мектептерге.

4. Физика мугалимдери — 15 адис. Анын ичинен орус тилдүү мектептерге 14 адис, өзбек тилдүү мектепке 1 адис.

5. География мугалимдери – 14 адис. Анын ичинен 13 адис орус тилинде окуткан мектептерге, 1 адис өзбек тилиндеги мектепке.

6. Англис тили мугалими – 10 адис, тарых мугалими – 10 адис, дене тарбия мугалими – 10 адис, химия мугалими – 8 адис, музыка мугалими – 8 адис.

Связанный пост