Эрлан Шеров Нур-Султанда өткөн дзюдо боюнча Азия чемпионатында күмүш медаль утту

 Эрлан Шеров Нур-Султанда өткөн дзюдо боюнча Азия чемпионатында күмүш медаль утту

Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн дзюдо боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык балбан Эрлан Шеров күмүш медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Спортчу турнирде 90 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашып, 1/4 финалдан тарта катышкан. Шеров алгачкы беттеште Кытайдан келген спортчуну утса, жарым финалда казакстандык спортчуну жеңген.

Чемпионаттын финалында Эрлан Шеров япониялык спортчу Санширо Мураого утулуп, күмүш байгеге ээ болду.

Белгилей кетсек, буга чейин Чыңгызхан Сагыналиев коло байгеге ээ болгон.

Связанный пост