Эртең, 25-августта “Билим берүү экосистемасы, жарандык иденттүүлүк жана зордук-зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо – билим берүүнүн шарты катары коомдун туруктуу өнүгүүсү” деген темада Бишкек шаарындагы мугалимдердин жана билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин жылдык август конференциясы өтөт. Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, конференцияга Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров, Билим берүү жана илим министрлигинин, Билим берүү академиясынын жетекчилиги, Бишкек шаардык […]Читать далее
Садыр Жапаров улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычын тапшырды
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-августта, Бишкек шаарында улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине батирлердин ачкычын тапшырды. Чогулгандардын алдында сүйлөп жатып, Мамлекет башчысы улуттук коопсуздук органдары тартипти орнотууда, мамлекетте коопсуздукту жана жарандардын бейпил жашоосун камсыздоодо чоң рол ойноорун белгиледи. “Сиздер терроризмге, экстремизмге каршы күрөшүүдө жана өлкөбүздүн аймактык бүтүндүгүн сактоодо алдыӊкы катарда болуп келесиздер. Сиздерге коомдогу туруктуулук […]Читать далее
Баткенде дээрлик жарым млн сомдук алюминий зымын мыйзамсыз ташып келүүгө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, Баткен районунун Чоң-Талаа айылына жакын жайгашкан Развилка мобилдик постунда А.К.Ж. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Унааны текшерүү учурунда ар бири салмагы 84 кг, узундугу 1000 метр болгон изоляциясы жок А35 маркасындагы […]Читать далее
Ысык-Көл облусунда айрым жолдор эки күнгө убактылуу жабылат. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Эскерте кетсек, 25-26-августта Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны жана КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жаштарынын форуму өтөт. Мындан улам Ысык-Көлгө ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары менен байкоочу өлкөлөрдүн өкүлдөрү келет. Буга байланыштуу Тамчыдагы “Ысык-Көл” аэропортунан Чолпон-Ата […]Читать далее
Өлкө боюнча окулган 111 хатм курандын дубасы жол кырсыгынан көз жумган маркумдарга багышталды. Бул тууралуу Муфтияттын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдыманап Масалиев, АКнын төрагасынын орун басары Кенжетай Курманходжаев, азирети муфтий Замир Ракиев жана Муфтияттын эмгек жамааты Бишкек шаарындагы борбордук мечитте өлкө боюнча окулган 111 хатм Курандын дубасын Ульяновск облусунун […]Читать далее
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 23-августта саат 23:55те Россияда жол кырсыгынан каза болгондорду кичи мекенине жеткирди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет Маалыматка ылайык, сөөктөр туугандарына өткөрүлүп берилди. Эскерте кетсек, кечээ каза болгондордун сөөгү атайын борт менен Кыргызстанга алып келинген. Белгилей кетсек, 21-августта Россиянын Ульяновск облусунда 14 кыргызстандыктын өмүрүн алган үрөй учурган жол кырсыгы катталган. […]Читать далее
«Кумтөр» компаниясын буга дейре жетектеп келген Теңгиз Бөлтүрүк жана ишкананын финансылык директору Рыспек Токтогулов ээлеген кызматтарынан четтетилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет. Министрлер кабинети «Кумтөр» кенинин ишмердүүлүгүнө тийиштүү төмөнкүлөрдү маалымдайт: «Бүгүн «Кумтөр» кенин иштеткен ишкананын ишмердигинде чоң өзгөрүүлөр болду. «Кумтөр» толугу менен Кыргызстандын менчигине өткөндүгүнө байланыштуу, үстүбүздөгү жылдын май айында Эсептөө палатасы […]Читать далее
Бир катар өлкөлөрдүн лидерлери президент Садыр Жапаровго РФнын Ульяновск облусундагы жол кырсыгынын кесепетинен кыргызстандыктардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтууда. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Алсак, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев президент Садыр Жапаровго жана кыргыз элине Россия Федерациясынын Ульяновск облусунда болгон жол-транспорттук кырсыгынын кесепетинен Кыргыз Республикасынын жарандарынын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. “Россия Федерациясынын Ульяновск облусунда […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Саламаттык сактоо министрлигинин жамаатына жаңы жетекчини – саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Гүлнара Баатырованы тааныштырды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет. Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, саламаттык сактоо министри кызматына дайындоо үчүн Гүлнара Баатырованын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашууга киргизилет.Читать далее
Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Россия Федерациясынын Ульяновск облусундагы жол кырсыгынын кесепетинен Кыргызстандын жарандарынын каза болгондугуна байланыштуу кайрылуу жасады. Президенттин администрациясынан кабарлашкандай, кайрылуунун текстинде мындай деп айтылат: “Урматтуу мекендештер! 2022-жылдын 21-августунда Россиянын Ульяновск облусунда болгон жол кырсыгынан 16 адамдын, анын ичинде 14 кыргыз жаранынын каза болгондугу, 3 адамдын оор жараат алгандыгы жөнүндө суук кабар баарыбызды кейишке […]Читать далее