Ысык-Көлдө жолдор эки күнгө убактылуу жабылат

 Ысык-Көлдө жолдор эки күнгө убактылуу жабылат

Ысык-Көл облусунда айрым жолдор эки күнгө убактылуу жабылат. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Эскерте кетсек, 25-26-августта Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны жана КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жаштарынын форуму өтөт. Мындан улам Ысык-Көлгө ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары менен байкоочу өлкөлөрдүн өкүлдөрү келет.

Буга байланыштуу Тамчыдагы “Ысык-Көл” аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейин жана Чолпон-Атадан Кырчынга чейинки жол эки күнгө убактылуу жабылат. Ал эми жол жээгинде калган унаалар эвакуацияланат.

Связанный пост