Кыргызстан боюнча окулган 111 хатм курандын дубасы жол кырсыгынан каза болгондорго багышталды

 Кыргызстан боюнча окулган 111 хатм курандын дубасы жол кырсыгынан каза болгондорго багышталды

Өлкө боюнча окулган 111 хатм курандын дубасы жол кырсыгынан көз жумган маркумдарга багышталды. Бул тууралуу Муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдыманап Масалиев, АКнын төрагасынын орун басары Кенжетай Курманходжаев, азирети муфтий Замир Ракиев жана Муфтияттын эмгек жамааты Бишкек шаарындагы борбордук мечитте өлкө боюнча окулган 111 хатм Курандын дубасын Ульяновск облусунун Николаевск районундагы Прасковьино жана Новоспасское айылдарынын ортосундагы М-5 “Урал” автожолунда болгон жол кырсыгынан каза болгон Кыргызстандык мекендештерибиздин рухтарына багышташты.

Муфтий Замир Ракиев маркумдардын жакындарына көңүл айтып, мындай кырсыктардын мындан ары болбоосун, мамлекетибиздин тынчтыгын, биримдигин жана ынтымагын тилеп, дуба кылды.

Связанный пост