Баткенде алюминий зымын мыйзамсыз ташып келүүгө бөгөт коюлду

 Баткенде алюминий зымын мыйзамсыз ташып келүүгө бөгөт коюлду

Баткенде дээрлик жарым млн сомдук алюминий зымын мыйзамсыз ташып келүүгө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Баткен районунун Чоң-Талаа айылына жакын жайгашкан Развилка мобилдик постунда А.К.Ж. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаа токтотулган.

Унааны текшерүү учурунда ар бири салмагы 84 кг, узундугу 1000 метр болгон изоляциясы жок А35 маркасындагы 20 рулон алюминий зым табылган. Жүк ЕАЭБ аймагына алып кирүүнүн мыйзамдуулугун тастыктаган эч кандай жүк коштоо документтери жок ташып киргизилген.

Эксперттин корутундусуна ылайык, кармалган товарлардын орточо базар баасы 480 миң сомду түздү.

Связанный пост