Жол кырсыгынан каза болгон кыргызстандыктар. Бир катар өлкө лидерлери С.Жапаровго көңүл айтууда

 Жол кырсыгынан каза болгон кыргызстандыктар. Бир катар өлкө лидерлери С.Жапаровго көңүл айтууда

Бир катар өлкөлөрдүн лидерлери президент Садыр Жапаровго РФнын Ульяновск облусундагы жол кырсыгынын кесепетинен кыргызстандыктардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтууда. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алсак, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев президент Садыр Жапаровго жана кыргыз элине Россия Федерациясынын Ульяновск облусунда болгон жол-транспорттук кырсыгынын кесепетинен Кыргыз Республикасынын жарандарынын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

“Россия Федерациясынын Ульяновск облусунда болгон жол-транспорттук кырсыгынан Кыргыз Республикасынын жарандарынын каза болгондугуна байланыштуу Сизге жана жалпы кыргыз элине терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтаарыбызды жеткирүүңүздү өтүнөм», – деп айтылат Казакстандын президентинин телеграммасында.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев президент Садыр Жапаровго Россия Федерациясынын Ульяновск облусунда болгон жол-транспорттук кырсыгынын кесепетинен кыргызстандыктардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

“Россия Федерациясынын Ульяновск облусунун Николаевск районунда жол-транспорттук кырсыгы болуп, анын кесепетинен Кыргыз Республикасынын жарандары каза болуп, оор жаракат алганы тууралуу кайгылуу кабарды жүрөгүбүз сыздап кабыл алдык. Ушул кайгылуу жана оор күндөрдө Сизге жана бир тууган Кыргызстан элине терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Каза болгондордун туугандарына жана жакындарына чын жүрөктөн көңүл айтаарымды билдирүүңүздү өтүнөм. Жараткандан каза болгондорду өз ырайымына алуусун, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин тилейм”, — деп айтылат Өзбекстандын президентинин телеграммасында.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон президент Садыр Жапаровго Россия Федерациясынын Ульяновск облусунда болгон жол-транспорттук кырсыгынын кесепетинен кыргызстандыктардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты

“Биз Россия Федерациясынын Ульяновск облусунда болгон жол-транспорттук кырсыгынын кесепетинен Кыргыз Республикасынын жарандарынын каза болгондугу тууралуу кабарды кайгыруу менен кабыл алдык.

Каза болгондордун туугандарына жана жакындарына чын жүрөктөн көңүл айтаарыбызды жеткирүүңүздү өтүнөм”, – деп айтылат Тажикстандын президентинин телеграммасында.

Беларустун президенти Александр Лукашенконун телеграммасында мындай деп белгиленет:

“Беларусь Республикасы Россия Федерациясынын Ульяновск облусунда болгон жол-транспорттук кырсыгынан кыргызстандыктар каза болгондугу тууралуу каргашалуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алды.

Беларус элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге, урматтуу Садыр Нургожоевич, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына чын жүрөктөн көңүл айтам, ошондой эле бардык жабырлануучуларга тезирээк сакайып кетүү каалоолорун жеткирүүңүздү өтүнөм”.

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов президент Садыр Жапаровго Россия Федерациясынын Ульяновск облусунда болгон жол-транспорттук кырсыгынын кесепетинен кыргызстандыктардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты

“Россия Федерациясынын Ульяновск облусунда болгон жол-транспорттук кырсыгынын кесепетинен Кыргыз Республикасынын көптөгөн жарандарынын каза болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам. Ошол оор учурда Түркмөнстандын элинин жана өкмөтүнүн атынан, ошондой эле жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтуу жана колдоо сөздөрүн, жабыркагандар тезирээк сакайып кетүү тилегимди жеткирүүнү өтүнөм”, — деп айтылат Түркмөнстандын президентинин телеграммасында.

Чет өлкө лидерлеринин телеграммалары дагы келип түшүүдө.

Связанный пост