Россияда каза болгон 14 кыргызстандыктын сөөгү кичи мекенине жеткирилди

 Россияда каза болгон 14 кыргызстандыктын сөөгү кичи мекенине жеткирилди

 Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 23-августта саат 23:55те Россияда жол кырсыгынан каза болгондорду кичи мекенине жеткирди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет

Маалыматка ылайык, сөөктөр туугандарына өткөрүлүп берилди.

Эскерте кетсек, кечээ каза болгондордун сөөгү атайын борт менен Кыргызстанга алып келинген.

Белгилей кетсек, 21-августта Россиянын Ульяновск облусунда 14 кыргызстандыктын өмүрүн алган үрөй учурган жол кырсыгы катталган. Андан тышкары, Кыргызстандын үч жараны жараат алып, ооруканага түшкөн. Учурда экөө жалпы палата которулса, бирөө реанимацияда жатат.

Кыргызстан 23-августта автокырсыкка байланыштуу аза күттү.

Связанный пост