Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-сентябрда, КМШга мүчө мамлекеттердин Ички иштер министрлеринин (полиция) кеңешинин отурумуна катышуу үчүн Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарына келген КМШга мүчө мамлекеттердиен ички иштер министрлерин кабыл алды. Мамлекет башчысы меймандар менен учурашып, ааламдашуу жана технологиялык прогресс доорунда Шериктештиктин өлкөлөрү заманбап реалдуулуктарды так түшүнүү менен евразиялык мейкиндикте тынчтыкты жана бейпилдикти камсыз кылуу […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарынын Жал-29 кичи районундагы бала бакчанын ачылыш аземине катышты. Акылбек Жапаров балдарды жана ата-энелерди кубанычтуу окуя менен куттуктап, аталган бала бакча Мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасынын алкагында курулгандыгын белгиледи. «Биз Президенттин тапшырмасын аткардык. Белгилүү болгондой, борбордо мектеп жана бала бакчалардын жетишсиздиги маселесин чечүү максатында 15 мектептин жана […]Читать далее
Борбор калаанын мэри үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө 90 миң сомдук материалдык жардам тапшырды. Эске салсак, Сатымкулова Нурзада Көчөркановна 27-июль күнү саат 18:15те Шаардык перинаталдык борбордо көз жарган. Биринчи баланын салмагы 1995 гр, бою 45 см, экинчиси кыз 1990 гр, бою 45 см, үчүнчү эркек баланын салмагы 1885 гр, бою 44 см. Балдарга Айданек, Шыгай, Абай […]Читать далее
Бүгүн, 8-сентябрда бийлик өкүлдөрү Ош облусунун Чоң-Алай районунун жашоочулары менен жолугушту. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушууга башкы прокурор Курманкул Зулушев, министрлер кабинетинин тѳрагасынын орун басары Бакыт Тѳрѳбаев, ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов жана президенттин Ош облусундагы ѳкүлү Зиядин Жамалдинов катышты. Мындагы жашоочулар негизинен Чоң-Алай районунун […]Читать далее
Бишкекте Комуз күнү белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет. Ведомствонун маалыматына караганда, иш-чара 9-сентябрда саат 18:30да Улуттук тарых музейинин алдында өтөт. Эске салсак, Кыргызстанда Комуз күнү төртүнчү ирет белгиленүүдө. Бул майрам Кыргызстан элин биримдигин бекемдөөгө, коомчулукту бириктирүүгө багытталып, этностук коомчулуктун маданияттар аралык диалогун кеңейтүү максатында президенттин жарлыгы менен 2019-жылы кабыл […]Читать далее
Депутат Балбак Түлөбаев Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болду. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, парламенттин 7-сентябрдагы жыйынында аталган комитеттин төрагасынын орун басарын шайлоо маселеси каралып, кызмат ордуна Балбак Түлөбаевдин талапкерлиги көрсөтүлгөн. Добуш берүүнүн негизинде Түлөбаев тармактык комитеттин төрагасынын орун басары болуп шайланды.Читать далее
Бишкекте биринчи ата мекендик Kunan MR 300 sport (KUNAN TAITORU) унаасынын бет ачары уюштурулду. Унааны жасоо идеясы Медер Койлубаевге таандык. Анын айтымында, спорттук унаа толугу менен колго чогултулган. 6 жылга созулган жыйында гибриддик материалдар жана түрдүү тетиктер колдонулган. Капоттун астында 300 аттын күчү бар Subaru Legacy унаасынын кыймылдаткычы жайгашкан. «Бул амбициялуу долбоор. Бул ишке ашкан […]Читать далее
Кечээ, 7-сентябрда Эр-Рияд шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Сауд Аравия, Катар, Кувейт, Бириккен Араб Эмираттары, Бахрейн, Омандын жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тышкы саясат мекемелеринин башчылары менен бирге “Перс булуңундагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши + Борбор Азия” аталышындагы стратегиялык диалогдун биринчи министрлер жыйынына катышты. Ведомстводон билдиргендей, бул платформа соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө аймактар аралык […]Читать далее
“Айкөл” тобунун негиздөөчүсү, жетекчиси Советжан Асанкадыр Муратаалы Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директору кызматына дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри койгон. Ведомстводон белгилешкендей, жаңы дайындалган директорду эмгек жамаатка маданият министри Азамат Жаманкулов тааныштырды. Буга […]Читать далее
Эки айлык реконструкция иштеринен кийин Бишкек шаарындагы №5 коомдук мончо кардарларга эшигин ачты. 7-сентябрда мончо алгачкы кардарларын кабыл алды. Мекеме «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын балансында турат. Капиталдык оңдоп –түзөөдөн өткөн коомдук мончонун кийим чечүүчү бөлмөлөрүнөн баштап, жууна турчу жайлар, буу бөлмөлөр толук оңдолгон. Ошондой эле, мончодогу эмеректер дагы жаңыртылып, кийим салуучу шкафтардын баарысы атайын номер коюлган […]Читать далее