№ 5 муниципалдык мончо кардарлары кабыл алууга даяр

 № 5 муниципалдык мончо кардарлары кабыл алууга даяр

Эки айлык реконструкция иштеринен кийин Бишкек шаарындагы №5 коомдук мончо кардарларга эшигин ачты.

7-сентябрда мончо алгачкы кардарларын кабыл алды. Мекеме «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын балансында турат.

Капиталдык оңдоп –түзөөдөн өткөн коомдук мончонун кийим чечүүчү бөлмөлөрүнөн баштап, жууна турчу жайлар, буу бөлмөлөр толук оңдолгон. Ошондой эле, мончодогу эмеректер дагы жаңыртылып, кийим салуучу шкафтардын баарысы атайын номер коюлган жаңы заманбап шкафтарга алмашылган.

Чач тарач, касса, бардыгы ыңгайлуу жабдылып, имараттын сырткы фасады жаңыланган. 2-кабатта мончонун бир тарабы эркектер үчүн жууна турчу жай болсо, экинчи тарабында аялдар үчүн жууна турчу жай жайгашкан. Аталган эки жайга тең кафелдер төшөлүп, терезе-эшиктери алмаштырылып жаңыртылган. Биринчи кабатта болсо астма жана аллергия менен ооругандар үчүн атайын туз бөлмөлөр ачылды.

Белгилей кетсек, №5 мончо борбордогу жалгыз муниципалдык мончо болуп саналат, мончонун буу ваннасын мончо сүйүүчүлөр гана эмес, аз камсыз болгон, социалдык жактан аялуу катмардагылар дагы пайдаланышат. Мончо борбор калаанын “Жумушчулар шаарчасында”, Гагарин көчөсү 76 дарегинде жайгашкан.

Связанный пост