КР ТИМ башчысы араб жана БА өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышты

 КР ТИМ башчысы араб жана БА өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышты

Кечээ, 7-сентябрда Эр-Рияд шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Сауд Аравия, Катар, Кувейт, Бириккен Араб Эмираттары, Бахрейн, Омандын жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тышкы саясат мекемелеринин башчылары менен бирге “Перс булуңундагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши + Борбор Азия” аталышындагы стратегиялык диалогдун биринчи министрлер жыйынына катышты.

Ведомстводон билдиргендей, бул платформа соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана өлкөлөр ортосундагы саясий диалогду бекемдөө максатында түзүлгөн.

Тараптар эл аралык күн тартибинин актуалдуу аспектилерин, аймактык коопсуздук маселелерин жана соода, экономика, инвестиция, маданият жана илим тармактарында келечектеги натыйжалуу кызматташтыкты жана өнөктөштүктү орнотуу боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулашты.

Министр Кулубаев өз сөзүндө дүйнөдө болуп жаткан окуяларды эске алуу менен “ПБАМКК+БА” диалогунун маанилүүлүгүн жана анын өз убагында түзүлгөндүгүн белгилеп, экономикалык байланыштарды чыңдоо максатында, ушул форматтын ичинде тиешелүү министрликтердин жана мекемелердин жетекчилеринин жолугушууларын өткөрүүнү сунуштады.

Жолугушуунун катышуучулары энергетика, транспорттук коридорлорду түзүү, логистика, азык-түлүк жана суу коопсуздугун камсыз кылуу, маданий-гуманитардык жана илимий иш-чараларды өткөрүү боюнча практикалык кызматташууну түзүүнү сунушташты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар 2023-2027-жылдарга соода, инвестиция, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана башка тармактарда практикалык кызматташтыкты орнотууга багытталган биргелешкен иш аракеттер планын кабыл алышты.

Связанный пост