Ата мекендик KUNAN TAITORU спорттук унаасынын бет ачары болду

 Ата мекендик KUNAN TAITORU спорттук унаасынын бет ачары болду

Бишкекте биринчи ата мекендик Kunan MR 300 sport (KUNAN TAITORU) унаасынын бет ачары уюштурулду.

Унааны жасоо идеясы Медер Койлубаевге таандык.

Анын айтымында, спорттук унаа толугу менен колго чогултулган. 6 жылга созулган жыйында гибриддик материалдар жана түрдүү тетиктер колдонулган. Капоттун астында 300 аттын күчү бар Subaru Legacy унаасынын кыймылдаткычы жайгашкан.

«Бул амбициялуу долбоор. Бул ишке ашкан кыял», – деген Койлубаев унаа коммерциялык максатта жасалбаганын кошумчалады.

Связанный пост