Бишкек шаарынын мэри үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө 90 миң сом тапшырды

 Бишкек шаарынын мэри үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө 90 миң сом тапшырды

Борбор калаанын мэри үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө 90 миң сомдук материалдык жардам тапшырды.

Эске салсак, Сатымкулова Нурзада Көчөркановна 27-июль күнү саат 18:15те Шаардык перинаталдык борбордо көз жарган. Биринчи баланын салмагы 1995 гр, бою 45 см, экинчиси кыз 1990 гр, бою 45 см, үчүнчү эркек баланын салмагы 1885 гр, бою 44 см. Балдарга Айданек, Шыгай, Абай ысымдары коюлду.

Маалымат үчүн: Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 12-июнундагы №316 «Аз камсыз болгон жана жеңилдик алган жарандарга социалдык колдоо көрсөтүү жөнүндө» токтому менен бекитилген «Бишкек шаарынын жашоочуларына жана жөлөкпул алууга укугу бар жарандарга даректүү социалдык жардам көрсөтүүнүн тартиби жөнүндө» жобонун 22-беренесине ылайык, үч эм төрөлгөндө 900 эсептик көрсөткүчтө – 90 000 сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардам көрсөтүлөт.

Балдары төрөлгөндө ата-энелер Бишкек шаарында туруктуу каттоого турушу керек.

Связанный пост