Бийлик өкүлдөрү Чоң-Алай районунун жашоочулары менен жолугушту

 Бийлик өкүлдөрү Чоң-Алай районунун жашоочулары менен жолугушту

Бүгүн, 8-сентябрда бийлик өкүлдөрү Ош облусунун Чоң-Алай районунун жашоочулары менен жолугушту. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууга башкы прокурор Курманкул Зулушев, министрлер кабинетинин тѳрагасынын орун басары Бакыт Тѳрѳбаев, ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов жана президенттин Ош облусундагы ѳкүлү Зиядин Жамалдинов катышты.

Мындагы жашоочулар негизинен Чоң-Алай районунун аймагында кендерди иштеткен компаниялар соцпакеттерди төлөөсү, пенсия, жѳлѳк пул, мектептин курулушуна муктаждыктар, чек арага жакын жердеги жайыт маселеси боюнча кѳйгѳй, чек арадан ѳтүп кеткен малдарды кайтара албай жаткандары, таза суу маселеси боюнча кайрылышты.

Жолугушуу суроо-жооп форматында өтүп, анда жарандар бийлик өкүлдөрүнө жеке көйгөйлөрү, район ичиндеги социалдык-экономикалык маселелер боюнча суроолорун беришти.

Белгилей кетсек, аткаруу бийлигинин, ошондой эле көзөмөл жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн эл менен жолугушуулары президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча өткөрүлүүдө.

Связанный пост