Президент Садыр Жапаров Франциянын ири мамлекеттик энергетикалык компаниясы “Электрисите дэ Франстын” аткаруучу директору Беатрис Бюффонду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет. Кызматташтыктын келечеги, инвестициялоо, энергетика жана энергиянын кайра жаралуучу булактары тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө пикир алмашуу болду. Мамлекет башчысы “жашыл экономиканы өнүктүрүү” сыяктуу республика үчүн маанилүү багытта кызматташтыкка кызыгуусу жана […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров шаар түзүүчү ишканага мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана жарыктехникалык тармакты андан ары өнүктүрүү, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу боюнча тескемеге кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 13-пунктуна ылайык Министрлер Кабинетине бир айлык мөөнөттө […]Читать далее
Бүгүн, 9-ноябрь күнү Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 286-306 км бөлүгүндө (Долон ашуусу) жолду кардан тазалоо жана инерттик материалдар менен толтуруу иштери жүргүзүлүүдө. Кардын калыңдыгы 10-15 см түзөт. Аба-ырайынын шарттарына байланыштуу, жолдордун ашуу тилкелерине бара жаткан айдоочуларга, жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөккө алмаштыруу, дөңгөлөктөрдүн чынжырчаларын жана күрөктөрүн алып жүрүү сунушталат.Читать далее
Бүгүн, 9-ноябрда КР Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Баткен облусуна иш сапары менен барды. Алгач Төрага чек ара жаңжалында жабыркаган Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагында болуп, Капчыгай айылындагы калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Алсак, аталган айылдагы үйлөр Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам жараксыз абалга келген. Учурда 40 тамдын пайдубалы түптөлсө, 20 үйдүн дубалдары тургузулуп, […]Читать далее
Бүгүн, 9- ноябрда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Түрк дүйнөсүнүн II Эл аралык “Коркут Ата” кинофестивалында көрсөтүлгөн “Үй сатылат” (реж. Таалайбек Кулмендеев) толук метраждуу тасмасынын башкы каарманы Калипа Таштанова “Эң мыкты актриса” наамына ээ болушу менен куттуктап, кинофестивалдын статуэткасын тапшырды. Алтынбек Максутов мындай сыймык алып келген кыргыз киносунун ийгилиги […]Читать далее
Москва районунда өспүрүмдүн жылкысын тартып алууга шектелип акын Болот Назаров кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 7-ноябрында милицияга Беловодское айылынын М.И. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Ал арызында Чон-Арык айылында белгисиз эркек киши 14 жаштагы баласынын минип жүргөн жылкысын сүрөткө түшүп алайын деп сурап, андан соң балага карата күч колдонуп, жылкысын […]Читать далее
КР президентинин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев социалдык тармактарда тарап жаткан президент Садыр Жапаров менен УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин туулуп-өскөн айылдары гана өнүгүүдө деген маалыматка комментарий берди. “Урматтуу достор, айрымдар “Бүгүнкү күндө Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин айылдары эле өнүгүүдө” деген маанайдагы маалыматты чыгарууда. Ушуга байланыштуу 2020-жылдын октябрынан тартып өлкө боюнча курулган объектилер боюнча маалымат […]Читать далее
Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору-Бурса шаарында ТУРКСОЙдун Туруктуу кеңешинин 39-жыйыны өттү. Жыйынга Кыргызстан, Азербайжан, Өзбекстан, Казакстандын Түркмөнстан ж.б. өлкөлөрдүн маданият министрлери жана эл аралык ТУРК-ПА уюмунун катышуусунда болуп, анда 2023-жылы түрк дүйнөсүндө масштабдуу белгилене турган иш-чаралар талкууланып, Кыргызстандын атынан советтик кыргыз театр жана кино актрисасы СССРдин Эл артисти, Кыргыз ССР Кинематографисттер союзунун мүчөсү Бакен Кыдыкееванын 100 […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров 10-11-ноябрда Самарканд шаарына (Өзбекстан Республикасы) Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын Саммитинин тогузунчу жыйынына катышуу үчүн иш сапары менен барат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. “Мамлекеттердин лидерлери Уюмдун алкагында көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашат, 2022-2026-жылдарга ТМУнун Декларациясын жана Стратегиясын кабыл алышат. Иш-чаранын […]Читать далее
Бүгүн, 9-ноябрда Таш-Көмүр шаарында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин бөлүмчөсүнүн жаңы имараты ачылды. Маалыматка ылайык, ачылуу аземине УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, атайын кызматтын жергиликтүү башкармалыгынын жетекчилери, өздүк курамы, УКМК ардагерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Белгиленгендей, жаңы имаратта атайын кызматтын кызматкерлери үчүн бардык шарттар түзүлгөн. “Өлкө башчысы Садыр Жапаров тарабынан мамлекетти кубаттуу өлкөгө айлантуу, мыйзам үстөмдүгүн […]Читать далее