Бүгүн волейбол боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында өтүп жаткан Кыргызстан кубогу жыйынтыкталды. Мелдешке жалпы 21 команда катышты. Эркектер клубдук командалар арасында биринчи орунду “Бүркүт” командасы, “Кыргызстан” командасы экинчи жана “ВВ МВД” командасы үчүнчү орун ээледи. Ал эми кыз-келиндер арасында биринчи орунду “Дордой” командасы, экинчи “Салам-Алик”жана үчүнчү орунду “Улар” командасы камсыз кылды. Мелдеш 2-декабрь күнү башталып, […]Читать далее
1-6-декабрь күндөрү Баткен шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстандын жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-тажик чек арасындагы 17,66 чакырым тилкени тактоо боюнча макулдашкан. Ошондой эле аталган багытта ишти улантуу максатында 2023-жылга жолугушуулардын графиги макулдашылды. […]Читать далее
2022-жылдын январь-ноябрь айларында Кыргызстандын ички жана тышкы карызын тейлөөгө жалпысынан 30 млрддан ашык сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматыка ылайык, ички карыз үчүн 10 млрддан ашык сом, ал эми тышкы карыз үчүн 20 млрд 634 млн сом бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5 млрд 200 млн долларды түзөт.Читать далее
Бишкек троллейбус башкармалыгы адистерди кабыл алууну жарыялайт. Төмөнкү адистиктер боюнча бош орундар бар: ° Троллейбус айдоочу ° Жеңил унаа айдоочусу ° Катчы (секретарь) ° Электронщик ° Электр монтер ° Электрик ° Токарь ° Инженер ° Фрезировщик ° Энерго чарбанын жетекчиси Тажрыйбалуу жана кесипкөй кызматкерлер талап кылынат. Айлык келишим боюнча. Байланыш номери: 65-75-90 Дареги: Москва көчөсү […]Читать далее
Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан “Кыргыз почтасы” Мамлекеттик ишканасынын Сокулук райондук филиалында пенсия, пособие жана башка төлөмдөрдүн сарпталышынын мыйзамдуулугу боюнча текшерүү жүргүзүлүп, 985 миң 651 сом акча каражатты аталган мекеменин жооптуу кызматкерлери кымырып алгандыгы аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Аталган факты боюнча прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп, филиалдын башкы бухгалтери А.С., котормо […]Читать далее
Кыргызстанда 2022-жылдын декабрынан тартып жылдык кирешеси 30 млн сомдон ашпаган чакан жана орто ишкердик субъекттер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкалары 2027-жылдын 1-январына чейин төмөндөтүлдү. Чакан жана орто ишкердиктин субъекттерин колдоо жана андан ары өнүктүрүү, аларды көмүскөдөн чыгаруу максатында Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 4-ноябрындагы Мыйзамы менен мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жаатындагы мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилди. Өзгөртүүлөр мамлекеттик бюджеттен […]Читать далее
Саламаттык сактоо министринин орун басары Жаркынбек Касымбеков кызматынан бошотулду. Кабарды министрликтин маалымат кызматы тастыктады. Касымбеков бул кызматка ушул жылдын 4-июнунда мурдагы министр Алымкадыр Бейшеналиевге кылмыш иши козголуп, жумуштан четтетилгенден кийин дайындалып, ага министрдин милдетин аткаруу да жүктөлгөн. Министрликке жаны жетекчи болуп 23-августта Гүлнара Баатырова дайындалып, Касымбеков орун басар катары иштеп келген. Касымбековдун кызматтан кетишинин себеби […]Читать далее
Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында 6-декабрь күнү Кыргыз ССРинин эл акыны, драматург, котормочу, Кыргызстандын гимнинин авторлорунун бири Жалил Садыковдун 90 жылдык мааракесине арналган театралдык жумалыктын расмий ачылышы болду. Аталган иш-чарага Жалил Садыковдун жубайы Сабира Чапаева, уулу Канат Садыков жана драматургдун жакындары, интеллигенция жана чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрү катышты. Ошондой эле КР Мамлекеттик катчысы […]Читать далее
Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында 6-декабр күнү эркектер жана кыз-келиндер арасында бокс боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты старт алды. Чемпионатка республиканын баардык аймактарынан келген 100дөн ашуун спортчу катышып, жалпы 23 комплект медаль ойнотулат. Мелдештин биринчи күнүндө, чемпионаттын салтанаттуу ачылыш аземи өтүп, ага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары-Дене тарбия жана спорт департаментинин […]Читать далее
Бишкек шаарынын мэриясы жаңы жылдык мыкты жасалгалоого сынак жарыялайт. Сынакка катышуу үчүн билдирмелер 2022-жылдын 31-декабрына чейин борбор калаанын мэриясынын райондук администрациялары тарабынан кабыл алынат. Ага Бишкек шаарынын мэриясынын административдик райондору, министрликтер, административдик ведомстволор, бюджеттик мекемелер, менчигинин түрүнө карабастан чарба жүргүзүүчү субъекттер жана жеке ишкерлер катыша алат. Сынак төмөнкү номинациялар боюнча өткөрүлөт: – Административдик райондордун аймактарын […]Читать далее