Жалил Садыковдун 90 жылдык мааракесине арналган театр жумалыгы башталды

 Жалил Садыковдун 90 жылдык мааракесине арналган театр жумалыгы башталды

Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында 6-декабрь күнү Кыргыз ССРинин эл акыны, драматург, котормочу, Кыргызстандын гимнинин авторлорунун бири Жалил Садыковдун 90 жылдык мааракесине арналган театралдык жумалыктын расмий ачылышы болду.

Аталган иш-чарага Жалил Садыковдун жубайы Сабира Чапаева, уулу Канат Садыков жана драматургдун жакындары, интеллигенция жана чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрү катышты. Ошондой эле КР Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Маданият министринин орун басары Түмонбай Колдошов, УТРКнын жетекчиси Кайрат Иманалиев, Кыргыз эл акыны Акбар Рыскулов катышып сөз сүйлөштү.

Министрдин орун басары өз сөзүндө Жалил Садыковдун кыргыз адабиятына, драматургиясына, иш-чара өтүп жаткан кыргыз драм театрына кылган эмгегине токтолуп, экинчи өмүрү дагы узак, кылым карыта жашай беришине тилектештигин билдирди.

Сөз алгандар Жалил Садыков тарыхты тирилтип, Айкөл Манасты баш кылып, Манастын уулу Семетей, Сейтекти, Ак Мөөр, Тоголок Молдо, Шабдан баатыр, Ормон хан, Бабур, Курманжан Датканы эгемендүү жылдарда кыргыздын тарыхын элине кайрып, сахна аркылуу кийинки муунга жеткирген калемгерлигин, 90-жылдардагы тартыштыктан айынан, спектаклдер коюлбай турган убакта, өзү демөөрчү таап, репертуарлар менен камсыз кылган камкордугун баса белгилешти.

Ж. Садыков автор болгон “Манастын уулу Семетей” спектаклин борбордогу көрүүчүлөргө тартуулоо үчүн Ысык-Көлдөн атайын К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын чыгармачыл жамааты келген. Спектакль көрүүчүлөр тарабынан жылуу кабыл алынды.
Эртең Ж. Садыковдун “Ак Мөөр” спектакли “Учур” мамлекеттик жаштар театрынын актёрлору тарабынан тартууланмакчы.

Связанный пост