Бишкек шаарынын мэриясы жаңы жылдык мыкты жасалгалоого сынак жарыялайт

 Бишкек шаарынын мэриясы жаңы жылдык мыкты жасалгалоого сынак жарыялайт

Бишкек шаарынын мэриясы жаңы жылдык мыкты жасалгалоого сынак жарыялайт. Сынакка катышуу үчүн билдирмелер 2022-жылдын 31-декабрына чейин борбор калаанын мэриясынын райондук администрациялары тарабынан кабыл алынат. Ага Бишкек шаарынын мэриясынын административдик райондору, министрликтер, административдик ведомстволор, бюджеттик мекемелер, менчигинин түрүнө карабастан чарба жүргүзүүчү субъекттер жана жеке ишкерлер катыша алат.

Сынак төмөнкү номинациялар боюнча өткөрүлөт:

– Административдик райондордун аймактарын (сейил бактарды, гүл бакчаларды, коомдук мейкиндиктерди ж.б.) жаңы жылдык мыкты жасалгалоо.
Бул категорияда төрт сыйлык ыйгарылат:
Биринчи орунга – 80 миң сом, экинчи орунга – 60 миң сом, эки үчүнчү орунга – 40 миң сом.
– Бишкек шаарындагы конуштарды эң мыкты жаңы жылдык жасалгалоо.
МАБнын номинациясы боюча 20 миң сомдук төрт сыйлык ыйгарылат:
– Ички короолорду жаңы жылдык эң жакшы жасалгалоо.
– Министрликтердин жана административдик ведомстволордун имараттарынын фасаддарын жана жанаша аймактарын жаңы жылдык мыкты жасалгалоо.

Бул номинация боюнча үч сыйлык ыйгарылат: биринчи орунга – 50 миң сом, экинчи орунга – 40 миң сом жана үчүнчү орунга – 30 миң сом.
– Ири соода комплекстеринин, борборлордун, кеңселердин жана башка объекттердин фасаддары жана аларга жанаша жайгашкан аймактарын жаңы жылдык эң жакшы жасалгалоо номинациясында үч сыйлык ыйгарылат:
Биринчи орунга – 80 миң сом, экинчи орунга – 60 миң сом, үчүнчү орунга – 40 миң сом.
– Соода, кызмат көрсөтүү, кеңсе жана башка объектилердин коммерциялык объектилеринин фасаддарынын жана жанаша жайгашкан аймагынын мыкты жасалгасы үчүн номинацияда үч сыйлык берилет:
Биринчи орунга – 70 миң сом, экинчи орунга – 50 миң сом, үчүнчү орунга – 30 миң сом.

Сынактын жеңүүчүлөрүн тандоо төмөндөгү критериялар боюнча жүргүзүлөт: имараттардын фасаддарын жана ага жанаша жайгашкан аймакты жаңы жылдык атрибуттар жана символикалар менен жасалгалоонун комплекстүү көркөм чечими, чечимдин оргиналдуулугу, жарыктандыруу менен жасалгалоо, стилдүүлүгү, аймактын, көчөлөрдүн жана чарба жүргүзүүчү субъекттердин жаңы жылдык жасалгалоо менен толук камтылышы.

Связанный пост