Кыргызстанда бардык мектептер 24-декабрга чейин онлайн режимине өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 15-декабрдагы жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди. “Азыр мага Саламаттык сактоо министрлигинен кат келди. Жугуштуу оорулардын көрсөткүчү жогорку чекке жеткендиктен 24-декабрга чейин өлкө боюнча бардык мектептерди онлайн режиминде билим берүүгө өткөрүп жатабыз”, – дейт ал. Эскерте кетсек, […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасындагы Европа биримдигинин Өкүлчүлүгүнүн башчысы, Элчи Мэрилин Йосефсон менен жолугушту. «Эки тараптуу кызматташтыктын жана аймактар аралык байланыштардын динамикасы жыл сайын сапаттык жактан өсүүдө, Кыргызстан менен Евробиримдик өлкөлөрүнүн ортосундагы товар жүгүртүү жогорулоодо. Биз Евробиримдик менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө даярбыз», – деди Акылбек Жапаров. Министрлер […]Читать далее
Кыргызстанда 509 мектеп жана 168 бала бакча карантинге жабылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 15-декабрдагы жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева билдирди. “Бүгүнкү күндө өлкө аймагындагы 2 миң 357 мектептин ичинен 509у (21,5 пайызы) карантинге жабылып, онлайн режиминде билим берүүгө өттү. Ал эми 1 миң 510 бала бакчанын ичинен 168и (9,8 […]Читать далее
Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Бишкекте футбол боюнча “Мурас” достук турниринин экинчи күнү башталды. Бүгүн, 15-декабрда, тайпалык баскычтан өткөн 8 команда турнирде жеңиш үчүн күрөшүн улантат. Плей-офф баскычындагы оюндар “Газпром балдарга” дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо спорт комплексинин базасында өткөрүлөт. Күйөрмандар үчүн кирүү акысыз.Читать далее
Жалал-Абад облусунун Сузак райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен базар баасы 166 млн 320 миң сомду түзгөн “Достук” паркынын 1,11 га жер аянты Сузак айыл өкмөтүнүн балансына алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, прокурордук текшерүүдө, Сузак айыл өкмөтүнүн борборунда орун алган “Достук” паркынын 1,11 га жер аянтына текшерүүгө чейин […]Читать далее
Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Кыргызстан боюнча карантинге жабылган мектептердин саны 240ка жетти. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, анын ичинде Чүй облусунда – 32, Талас облусунда – 111, Ысык-Көл облусунда – 3, Жалал-Абад облусунда – 6, Ош облусунда – 12 жана Бишкек шаарында – 32 (буга чейин 8 мектеп […]Читать далее
Оор атлетика боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Бекдөөлөт Расулбеков Колумбияда өтүп жаткан оор атлетика боюнча Дүйнө чемпионатында кичи коло медаль жеңди. Спортчу 102 кг салмак категорияда катышты. Жулкуп көтөрүүдө спортчу 171 кг көтөрсө, түртүп көтөрүүдө 217 кг көтөрүп, аталган көрсөткүчтө коло байге жеңди. Ал эми жалпы эсепте 388 упай менен 4-орунду ээледи.Читать далее
Е.Якир атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплексинин окуучусу Федор Корнияш “Таланттарды даярдоо лабораториясы” аталышындагы математика, физика жана химия боюнча V эл аралык жаштар олимпиадасында күмүш медалга ээ болду. Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 11-декабрдан 13-декабрга чейин Баку шаарында өткөн олимпиадага Кыргызстандан үч окуучу катышты: -Атай Озокеев – Чыңгыз Айтматов атындагы […]Читать далее
Бүгүн тарыхый күн. Дүйнөлүк океандан эң алыс жайгашкан мамлекеттердин бири болгон Кыргыз Республикасы деңизге чыгууга мүмкүнчүлүк алды. Бул алдыга карай жасалган чоң секирик. Кол коюлган макулдашуулар эки тараптуу кыргыз-эмират мамилелеринин өнүгүшүнө чоң түрткү гана бербестен, өлкөбүзгө кубаттуу экономикалык бурулуш жасоого жардам берет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси […]Читать далее
Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында 16-19-декабрь күндөрү эркектер жана кыз-келиндер арасында оор атлетика боюнча 1980-жылы өткөн Олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү, оор атлетика боюнча Дүйнөнүн төрт жолку чемпиону жана Европанын эки жолку чемпиону Каныбек Осмоналиевдин байгесине арналган оор атлетика боюнча эл аралык турнир өтөт. Мелдеште спортчулар төмөнкү салмак категориялары боюнча катышат: Эркектер: 55, 61, 67, 73, […]Читать далее