Бекдөөлөт Расулбеков оор атлетика боюнча Дүйнө чемпионатында кичи коло медалга ээ болду

 Бекдөөлөт Расулбеков оор атлетика боюнча Дүйнө чемпионатында кичи коло медалга ээ болду

Оор атлетика боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Бекдөөлөт Расулбеков Колумбияда өтүп жаткан оор атлетика боюнча Дүйнө чемпионатында кичи коло медаль жеңди.

Спортчу 102 кг салмак категорияда катышты. Жулкуп көтөрүүдө спортчу 171 кг көтөрсө, түртүп көтөрүүдө 217 кг көтөрүп, аталган көрсөткүчтө коло байге жеңди.

Ал эми жалпы эсепте 388 упай менен 4-орунду ээледи.

Связанный пост