Акылбек Жапаров: Кыргызстан деңизге чыгууга мүмкүнчүлүк алды

 Акылбек Жапаров: Кыргызстан деңизге чыгууга мүмкүнчүлүк алды

Бүгүн тарыхый күн. Дүйнөлүк океандан эң алыс жайгашкан мамлекеттердин бири болгон Кыргыз Республикасы деңизге чыгууга мүмкүнчүлүк алды. Бул алдыга карай жасалган чоң секирик. Кол коюлган макулдашуулар эки тараптуу кыргыз-эмират мамилелеринин өнүгүшүнө чоң түрткү гана бербестен, өлкөбүзгө кубаттуу экономикалык бурулуш жасоого жардам берет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров «AD Ports Group» жана «Maqta Gateway» ири компаниялары менен келишимдерге кол коюунун салтанаттуу аземинде билдирди.

Белгилей кетсек, Бириккен Араб Эмираттары менен сооданы өнүктүрүү жана экономикалык байланыштарды чыңдоо алкагында 2 негизги документке кол коюлган.

Бул макулдашууларга кол коюу чечими Кыргыз Республикасынын Президентинин Бириккен Араб Эмираттарына жумушчу сапарынын алкагында БАЭнин жогорку жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кабыл алынган.

Биринчи Макулдашууга ылайык, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жана «AD Ports Group» документке кол койду. Анын алкагында Эмират компаниясы логистикалык борборду жана бажы аймагын өнүктүрүү жана иштетүү үчүн аймактагы эң заманбап портко – Абу Дабидеги Халифа Портко (Khalifa Port) жакын жайгашкан КЕЗАД – (Khalifa Economic Zone Abu Dhabi (KEZAD) эркин экономикалык аймагында 300 000 чарчы метрден ашык жерди бөлүп берген.

Экинчи Макулдашууга ылайык, «Maqta Gateway» Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги үчүн бажы жана чек ара көзөмөлүн, инфраструктураны, анын ичинде улуттук бирдиктүү терезени түзүү аркылуу модернизациялоо жана санариптештирүү стратегиясын демилгелейт.

Белгилей кетсек, «Maqta Gateway» бул жаатта чоң тажрыйбага ээ, анткени ал Абу-Дабидеги соода жана логистикалык кызматтарды, анын ичинде деңиздеги, кургактык, абадагы, өнөр жай жана эркин зоналарды бириктирүү үчүн иштелип чыккан алдыңкы соода платформасынын, инновациялык бирдиктүү терезенин иштеп чыгуучусу жана башкаруучусу болуп саналат.

«Бул келишимдерге кол коюу эркин экономикалык аймактарды башкаруу жана секторду санариптештирүү сыяктуу тармактарда AD Ports Group ээлеген алдыңкы позицияны белгилейт жана биздин өлкөлөр ортосундагы мамилелерди чыңдоодо маанилүү кадам болот. Биздин акылман өкмөтүбүздүн экономикалык өнүгүү планына ылайык, биз башка аймактарда өнүгүүнү улантып, Борбор Азияны AD Ports Groupтун өнүгүүсү үчүн стратегиялык маанилүү багыт катары карайбыз. Бизге көрсөтүлгөн ишеним үчүн Кыргызстандын өкмөтүнө ыраазычылык билдиребиз жана санариптештирүү, эл аралык мамилелерди өнүктүрүү боюнча жемиштүү кызматташууга үмүттөнөбүз”, – деди «AD Ports Group» Компаниялар тобунун Башкаруучу жана Башкы директору Капитан Мохамед Жума Аль Шамиси.

«AD Ports Group» Эркин экономикалык аймагы кластерлеринин Башкы директору Абдулла аль-Хамели Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен түзүлгөн Макулдашуу эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин жаңы барагынын башталышы болот деген ишенимин билдирди.

Өз кезегинде, «Maqta Gateway» аткаруучу директору Нура Аль Дахери компания үчүн Кыргызстан өкмөтү менен биргеликте бажы жана чек араны башкаруу, ошондой эле соода жана логистикалык кызматтарды интеграциялоо боюнча улуттук “бирдиктүү терезени” иштеп чыгуу боюнча комплекстүү чечимдерди иштеп чыгуу чоң сыймык экенин баса белгиледи.

Связанный пост