КР министрлер кабинети жана Улуттук банк тарабынан бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү банктык төлөм карталарын, электрондук акчаларды, QR-кодду, төлөм терминалдарын жана/же башка инструменттерди пайдалануу менен накталай эмес формада кабыл алуу жөнүндө чечим кабыл алынды. Аталган чечим Кыргыззстанда накталай эмес төлөмдөргө жана эсептешүүлөргө өтүү, санариптик төлөмдөрдү киргизүү, төлөмдөрдү кабыл алуунун башка инструменттерин өнүктүрүү, […]Читать далее
Бүгүн, 22-декабрда Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев алгачкы агартуучу-илимпоз Ишеналы Арабаевдин 140 жылдык маарекесине арналган “Билим берүүдөгү интеграция маселелери жана мамилелер: Ишеналы Арабаевдин агартуучулук жана коомдук-саясий ишмердигинин улантылышы, заманбаптуулугу” аталышындагы конференцияга катышты. Конференциянын алкагында Төрага Нурланбек Шакиевге “Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Ардактуу профессору” наамы ыйгарылды.Читать далее
Кыргызстандын каратэ-до WKF боюнча улуттук курама командасы 16-20-декабрь күндөрү Ташкент шаарында (Өзбекстан) өткөн Азия чемпионатында 6 медаль жеңди. Алар 2 алтын, 1 күмүш жана 3 коло медаль. Чемпионат кадеттер, өспүрүмдөр жана чоңдор арасында өтүп, 28 мамлекеттен 755 спортчу катышты. Чоңдор арасында 50 кг салмак категориясында Умида Айсаева жана 75 кг салмакта Назим Нурланов алтын медаль […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-декабрда, энергетика тармагынын кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын Энергетиктер күнү менен куттуктады. Төмөндө Мамлекет башчысынын куттуктоосу: «Урматтуу энергетиктер! Сиздерди бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм! Энергетика дээрлик бардык өлкөлөрдүн экономикасынын флагманы, жарандардын жашоо-тиричилиги жана ири өнөр жай объектилери үчүн зарыл шарт болуп эсептелет. Ошондуктан, энергетика — туруктуу өнүгүүгө түздөн-түз таасир эткен өзгөчө […]Читать далее
Бишкек шаарындагы №2 төрөт үйүндө 37 жаштагы Нурзида Садырбаева үч эм эркек балдарды жарыкка алып келди. Бул тууралуу төрөт үйүнүн башкы дарыгери Майрам Керималиева билдирди. Анын маалыматына ылайык, ымыркайлар 35 жумалыгында кесарево жолу менен эртең мененки саат 10:06да жарык дүйнөгө келген. Алардын үчөө тең эркек балдар. Ымыркайлар биринчиси 2360 грамм, экинчиси 1900 грамм, үчүнчүсү 2490 […]Читать далее
Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов Казакстан Республикасына иш сапарынын алкагында Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаевдин кабыл алуусунда болду. Жолугушууга ошондой эле, Түркиянын мурдагы президенти Абдуллах Гүл, Монголиянын мурдагы президенти Намбарын Энхбаяр дагы катышышты. Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Касым-Жоомарт Токаевди кайрадан Казакстандын президенти болуп шайланышы менен куттуктап, Казакстанда болуп жаткан реформаларды кубаттады. Казакстандын мамлекет башчысы конокторду 20-21-декабрда, […]Читать далее
Каракол шаарында 26-28-декабрь күндөрү Кыргызстандын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектептеринин тарбиялануучуларынын арасында “Мен чемпионмун” республикалык оюндары өтөт. “Мен чемпионмун” мелдештери спорттун төмөнкү түрлөрү боюнча өткөрүлөт: 1. Лыжа спорту слалом; 2. Хоккей; 3. Лыжа жарышы; Мелдештин жеңүүчүлөрү жана байгелүү орундун ээлери тиешелүү даражадагы медалдар жана дипломдор менен, ошондой эле акчалай сыйлыктар менен сыйланышат. Байге фонду 1 050 000 […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматы “Ишкерлердин жайгашуусунун электрондук картасы” долбоорун ишке ашыруунун алкагында экинчи этап – “Салык төлөөчүнүн паспорту (QR-код)” долбоорун ишке киргизди. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматынан билдиришти. “Салык төлөөчүнүн паспорту” – бул салыктык сыр болуп саналбаган жана QR-коддо камтылган ишкердик субъектинин маалыматтык картасы. Паспорт аймактык салык органдарынын кызматкерлери тарабынан экономикалык иш жүргүзүлүп жаткан ар […]Читать далее
“Тазалык” муниципалдык ишканасы аялдамаларда техникалык туз үчүн атайын челектерди орнотуп жатышат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, ар бир райондо 17 даана челектен орнотулат. Жумушка 8 жумушчу жана 4 бирдик атайын техника тартылган. Шаардын тазалыгын жана камсыз кылуу үчүн бүгүн линияда 632 тазалоочу, 212 жүктөгүч жана 93 атайын техника иштеп жатат.Читать далее
20-декабрда Ош шаарынын борбордук аянтында жаңы жылдык балаты жандырылды. Салтанаттуу иш-чарага мэр Бакытбек Жетигенов, тургундар, жаштар катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө шаардык маданият башкармалыгы тарабынан музыкалык программа уюштурулду. Белгилей кетсек, бул жылдагы жаңы жылдык балатынын бийиктиги 29 метр.Читать далее