Каракол шаарында “Мен чемпионмун” республикалык кышкы оюндары өтөт

 Каракол шаарында “Мен чемпионмун” республикалык кышкы оюндары өтөт

Каракол шаарында 26-28-декабрь күндөрү Кыргызстандын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектептеринин тарбиялануучуларынын арасында “Мен чемпионмун” республикалык оюндары өтөт.

“Мен чемпионмун” мелдештери спорттун төмөнкү түрлөрү боюнча өткөрүлөт:
1. Лыжа спорту слалом;
2. Хоккей;
3. Лыжа жарышы;

Мелдештин жеңүүчүлөрү жана байгелүү орундун ээлери тиешелүү даражадагы медалдар жана дипломдор менен, ошондой эле акчалай сыйлыктар менен сыйланышат. Байге фонду 1 050 000 сомду түзөт.
1-орун – 200 000 сом;
2-орун – 100 000 сом;
3-орун – 50 000 сом.

Белгилей кетсек, мелдеш Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаменти, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана спорт федерациялары менен биргеликте өткөрүлөт.

Связанный пост