Каратэ-до WKF боюнча улуттук курама команда Азия чемпионатында 6 медаль жеңди

 Каратэ-до WKF боюнча улуттук курама команда Азия чемпионатында 6 медаль жеңди

Кыргызстандын каратэ-до WKF боюнча улуттук курама командасы 16-20-декабрь күндөрү Ташкент шаарында (Өзбекстан) өткөн Азия чемпионатында 6 медаль жеңди. Алар 2 алтын, 1 күмүш жана 3 коло медаль.

Чемпионат кадеттер, өспүрүмдөр жана чоңдор арасында өтүп, 28 мамлекеттен 755 спортчу катышты.

Чоңдор арасында 50 кг салмак категориясында Умида Айсаева жана 75 кг салмакта Назим Нурланов алтын медаль тагынды. 61 кг салмакта Кымбат Тойтонова экинчи орунду ээлеп, күмүш медаль алды.

Ал эми кадеттер арасында 54 кг салмак категориясында Даткайым Байжигитова, 61 кг салмакта Эрлан Акылбек уулу жана 63 кг салмакта Кадыр Үсөнбеков коло медаль тагынышты.

Белгилей кетсек, курама команда башкы машыктыруучу Бакыт Дүйшеевдин жетекчилиги алдында чемпионатка катышты.

Связанный пост